Кыргызстандын парламентинде айыл-чарба тармагындагы үрөнчүлүк жөнүндө мыйзам талкууланууда. Бүгүн, 19-ноябрда өткөн Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитетинин отурумунда “Үрөнчүлүктү мамлекеттик колдоо” жөнүндөгү мыйзам долбоору каралып, жактырылды.
Мыйзам долбоор сертификацияланган үрөндөрдү өстүргөн дыйкандарга мамлекеттик колдоо көрсөтүүнү көздөйт. Мамлекеттик дотациянын өлчөмү жыл сайын Өкмөт тарабынан аныкталмакчы.
Өз кезегинде депутат Абылкайыр Узакбаев күтүүсүз кырдаалдарда жана жаратылыш кырсыктарында жабыркаган дыйкандарга компенсация төлөп берүүнү сунуштады.
Белгилей кетсек, Айыл-чарба министрлигинин экспертиза өткөрүү боюнча департаментине караштуу 370 гектар жерде тандалган сорттогу үрөндөрдү өстүрүүчү 11 тилке бар, алардын экөөсү мамлекеттин карамагында.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ