Menu

Шайлоо штабынын эсепчисинин өлкөдөн чыгып кетиши ар кандай жоромолдорду жаратууда

Бөлүшүү:

Мурда Сооронбай Жээнбековдун шайлоо штабында каржы иштери боюнча кызмат кылган Надира Сатыгүл кызы өлкөдөн чыгып кеткен.  Бул жөнүндө экс-президент Алмазбек Атамбаев “Апрель” каналына берген маегинде билдирди. А.Атамбаевдин айтымында,  Надира Сатыгул кызы өз өмүрүн ойлоп, кооптонгондугуна байланыштуу ушундай кадамга барган.   Бирок Назира Сатыгул кызы качан жана кайсы өлкөгө кеткендиги айтылган жок.

Эске сала кетсек, белгилүү юрист, Сапар Исаковдун  адвокаты Нурбек Токтакунов жакында өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына  “Президент Сооронбай Жээнбековдун борбордук штабы 2017-жылы президенттик шайлоого жумшаган” деген каражаттардын узун тизмесин жарыялаган болчу.

Н.Сатыгүл кызынын чет өлкөгө чыгып кетишин  мына ушул ишке байланыштырып жатышат.

Булак: KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 38 = 41

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: