Кыргызстанда жаңы төрөлгөн балага UFC чемпиону Конор Макрегордун ысымы берилди. Бул тууралуу маалыматты Мамлекеттик каттоо кызматынан тастыкташты.
Социалдык тармактарда Макрегор Алибеков аталган баланын сүрөтү тарап, кызуу талкуу жаратууда.
Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматында, өлкөдө Макрегор аттуу ысым биринчи жолу катталды.
Бала 2018-жылдын 19-июнунда Москва шаарында төрөлгөн. Сыягы, анын атасы белгилүү мушкер, ирландиялык Конор Макрегордун күйөрманы болсо керек.
Эске салсак, 6-октябрда Лас-Вегаста өткөн беттеште Конор Макрегор орусиялык Хабиб Нурмагомедовго утулуп калган.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ