Жалал-Абад шаарындагы мейманканалардын бирине бираз эс алуу үчүн суранып кирген аял эртеси күнү жансыз табылган. Иликтөө иштеринин натыйжасында, ал өзүн өзү өлтүргөнү аныкталган. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинен маалымдашкан.
Маалыматка караганда, 9-ноябрь күнү саат 08:30 чамасында 40 жаштагы Т.Т. аттуу Сузак районунун тургуну шаар ичиндеги мейманканалардын бирине келип, бош бөлмө сураган. Ал өзүн начар сезип жатканын жана түшкө чейин уктап, эс алышы керектигин айткан. Эртеси күнү мейманкананын кызматкерлери саат 12:00 чамасында ал аял жаткан бөлмөнү текшерүү үчүн эшигин ачышкан. Анын жансыз экенин көрүп, бул тууралуу милицияга билдиришкен.
“Аталган мейманканага милиция кызматкерлери барып, иликтөө иштерин жүргүзүшкөн. Мейманкананын кызматкери ал аял мас абалында болгонун билдирген. Кийин алынган видеолор да иликтенип, аял кирген бойдон сыртка чыкпагандыгы аныкталган. Алдын ала маалыматтарга караганда, маркум өзү каза болгон. Эртеси күнү анын денеси жакындарына өткөрүлүп берилген”, – деп билдиришкен ОИИБдин басма сөз катчылыгынан.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ