Menu

Алмаз Атамбаев: “Мен 2002-жылы Түркиядагы “Гүлжанлар” ишканамдан эле 26 млн доллар киреше тапкамын”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 19-ноябрдын кечинде экс-президент Алмаз Атамбаев өзүнүн жеке менчик “Апрель” телеканалында маек бере баштады. Төмөндө анын маегинен алынган экинчи шиңгилге көңүл буруңуздар:

Апрель ТВ: – Биринчи суроо сиздин байлыгыңызга байланыштуу, жакында сиздин кирешелериңиз тууралу декларацияңыз жарыяланды. Анда сиз 2017-жылы эле 100 млн сом киреше иштеп тапкансыз, анын 77 млн сомун чыгаша кылгансыз. Кыргыздын карапайым кишисине бул фантастикалык чоң сумма. Сиз мурун деле мен өлкөнүн эң бай кишисимин деп муну жашырбай келгенсиз. Бирок, баары бир мындай чоң сумма кулакка башкача угулат. Айрым адамдар сиз бул байлыгыңызды президент кезде гана тапканыңызды, элден уурдаганыңызды айтып жатышат, сиз буга кандай комментарий бересиз?

Алмаз Атамбаев: – Мындай сөздөр жана ушактар аябай көп, биринчиден, мен тактап койгум келет, былтыр мен 100 млн сом эмес, 111 млн сом иштеп таптым. Мен бир ишканамды саттым. Андан башка биз айлыктарды алдык, жубайым ишканалардан дивиденддерди алды. Ал эми менин байлыгымдын тарыхы тууралу айтсак, мен силерге атайын документтерди алып келдим, аларды көрсөткүм келет. Андагы цифралар силерди дагы мындан да көп таңгалдырат. Кыргызстанда мен эң биринчи болуп, жеке менчик фирма ачкам, 1989-жылы болчу. Ошол 1989-жылдан 2005-жылга чейин мен эч кандай мамлекеттик кызматта иштеген эмесмин. Дал ошол кезде, 1989-жылдан 2005-жылга чейин мен өзүмдүн негизги байлыгымды иштеп тапкам. Алгач мен байлыгымды китеп чыгаруудан тапкам. Совет доорунда китеп аябай таңсык болчу. Анан китептен түшкөн акчаларды мен Кыргызстандын ишканаларына бере баштадым. Андай ишканалардын акцияларын сатып ала баштадым. Албетте ал ишканалардын директорлору менен чоогу. Анда ал ишканалар менчиктештирилип жаткан. Китеп бизнесинен башка менде Россияда жана Түркияда бизнесим бар болчу. Түркияда эки ишканам бар болчу. Мен силерге муну айткым келет: башында менин Кыргызстандагы ишканаларым да ийгиликтүү болчу. Анан Акаев 2000-жылы менин ишканаларымды  куугунтуктай баштады. Мисалы. 1999-жылы “Форум” өнөр жай тобу, анын ичинде 3 завод жана 2 биргелешкен ишкана бар эле. Ошондо менин ишканаларым “Кумтөр” сыяктуу салыктарды төлөчү. “Кумтөр” анда өлкөнүн ички дүң продукциясынын  (ИДП) 22%ын берчү. Эгер менин Түркиядагы ишканам жөнүндө айтчу болсок, ал тууралу баарына белгилүү, басма сөздө кеңири сөз болду. Ал “Гүлжанлар” ишканасы. Түркиянын Измир шаарынын эркин экономикалык зонасында болучу. Мына, менин ишканамдын ачылышынан бир сүрөт бар. Бул ишканада менин өнөктөшүм бар болчу. Мага ишкананын 90%ы гана карачу. Аныкы 10% болчу.  Биз ал ишкананы 3 жыл башкардык. Анын дивиденддерин бир жылда бир нече жолу бөлүштүк. Ал акчаларды алыш үчүн биз банкка тиешелүү документтерди көрсөтүшүбүз керек эле. Анда “Гүлжанлар” фирмабыздын эсеби NHCB банкында болчу, анан менимче “Деңиз банкта” да бар эле… 2002-жылы мен ишкананы жабуу керек экенин билчүмүн. Анткени менин артыман Акаевчилер кууп алган болчу. Бишкектеги ишканаларымды камап, тартып ала баштаган. Ошондуктан мен бийликтин Түркиядагы ишканаларыма чейин жетерин билгемин. 2002-жылы мен “Гүлжанлар” фирмасынан 6 жолу дивиденддерди алгамын.  Анан 2003-жылдын январында сатып жибергем. Мунун баарын текшерсе болот… Баары болуп 26 млн доллар тапкамын… Мына менин байлыгымдын булагы…

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 29 − = 22

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: