Menu

Алмазбек Атамбаев: Сооронбай Жээнбеков Райымбек Матраимовго болушкан

Бөлүшүү:

Алмазбек Атамбаев экс-премьер-министр Сапар Исаков менен Бажы кызматынын мурдагы төрагасы Кубанычбек Кулматовдун камалышын Бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимов менен байланыштырды.

«Сапар Исаков Сооронбай Жээнбековдун өтүнүп, суранганына карабай, Райымбек Матраимовду кызматтан алган. Мага Сапар 23-ноябрда телефон чалып «Сооронбай Жээнбеков Райымды кызматтан алба деп суранып, жалдырап жатат» деп айткан. Сапар анын тилин албай койгону үчүн камалды. Кубанычбек Кулматов болсо бажы тармагын Райымдын адамдарынан тазалай баштаганы үчүн камалды. Ош бажысында бир күндө эле бажы төлөмдөрү 10 эсе көбөйгөнү эсиңиздердеби? Кулматовду орус паспорту, мектеп үчүн эмес, Райым үчүн өч алуу максатында камашты», деди Алмазбек Атамбаев 19-ноябрдагы телеинтервьюсунда.

Коомчулукта «Раим миллион» деген каймана ат менен таанылган Райымбек Матраимов былтыр ноябрь айында ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаковдун буйругу менен кызматтан алынган. Буйрукта «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамдын 47-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык иштен алынды» деп жазылган. Бул беренеде «Өзгөчө тартипте кызмат ордуна дайындалган адамдар алардын иши саясий жетекчилик тарабынан кабыл алган чечимдерге жана жүргүзүлгөн саясатка ылайык келбеген учурда иштен бошотулат» деп жазылган.

Сапар Исаков менен Кубанычбек Кулматов Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) жаңылоого байланыштуу кылмыш ишинин алкагында камакка алынган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 45 − 37 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: