Menu

АКШ өкүлдөрү Сирия боюнча Астанадагы сүйлөшүүлөргө келбейт

Бөлүшүү:

Сирия боюнча 28-29-ноябрга белгиленген Астанадагы тынчтык сүйлөшүүлөргө АКШдан байкоочулар келбейт. Бул тууралуу Казакстандын тышкы иштер министри Кайрат Абдрахманов билдирди.

«Мага белгилүү болгондой, АКШ террордук топторго каршы күрөшкө байланышкан маселелерге көбүрөөк көңүл бурат. Биринчи кезекте, бул-«Ислам мамлекети» террордук тобу. Жолугушуунун күн тартибинде бул маселе жок», — деди Абдрахманов.

Анын айтымында, кепил өлкөлөр (Орусия, Түркия жана Иран) Сириянын Идлиб провинциясындагы абалга байланышкан маселелерди талкуулашат. Бул аймак төрт деэскалация аймагынын бирөөсүнө кирет. Мындан тышкары, жыйында согуштан кийинки Сирияны калыбына келтирүү жана качкындарды кайтаруу маселелери жөнүндө сөз болот.

Орусия, Түркия жана Иран Сириядагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча Астанадагы тынчтык сүйлөшүүлөргө кепил өлкөлөр болуп эсептелишет. Андагы сүйлөшүүлөр БУУнун көмөгү алдында Женевада өтүп жаткан сүйлөшүүлөрдөн сырткары, өз алдынча уюштурулууда. Сүйлөшүүлөрдүн буга чейинки айлампасы быйыл июлда Орусиянын Сочи шаарында өткөн.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: