Menu

Казакстанда энергетика министринин орун басары камалды

Бөлүшүү:

17-ноябрда Казакстандын энергетика министринин орун басары Анатолий Шкарупа эки айга камалды. Ал ири өлчөмдө бюджеттик каражатты уурдаган деп айыпталууда.

Шкарупа өлкөнүн энергетика министринин орун басары кызматына быйыл октябрдын башында эле дайындалган. Ага чейин Караганда облусундагы Саран шаарын эки жыл башкарган.

Учурда ал калаа башчысы болуп турган кезде бюджеттен 251 миллион теңге (580 миң доллардан ашык) уурдаган деп шектелүүдө.

Эки жума мурда Коопсуздук кеңештин жыйынында өлкөнүн башкы прокурору Шкарупанын тушунда Саранда жылуулук эсептөө жабдуулары орнотулганын, бирок шаарда борбордук жылуулук берүү таптакыр жок экенин айткан.

«Эсептегичтер жөн гана бош дубалдарга орнотулуп, эч нерсе эсептеген эмес. Бул факты боюнча тергөө иштери башталды», — деп билдирген башкы прокурор.

Шкарупа өткөн жумада эле кармалган, бирок бул маалымат дүйшөмбүдө гана ырасталды. Ошол эле күнү өлкөнүн энергетика министри Канат Бозумбаев орун басарынын кызматтан кетүү тууралуу арызына кол койгонун билдирди.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: