Түркмөнстанда мыйзамсыз аңчылык кылган жарандар тарабынан келгин куштар менен казак талааларындагы сууктан качып барган бөкөндөр массалык түрдө атылууда. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматы жазды.
«Негизинен алар бийликте жана күч түзүмдөрүндө байланыштары бар адамдар. Алар моторлуу 5-6 кайык менен барып, 500-1000ден жапайы канаттууларды атып өлтүрүп жатышат», — деп билдирди Балкан облусундагы аңчылардын бири.
Жергиликтүү тургундардын айтымдарында, мыйзамсыз аңчылык кылгандардын олжосу кийин жергиликтүү тургундарга сатылат.
«Азык-түлүк жетишсиз болуп жаткандыктан, мыйзамсыз аңчылык кылгандардан куш эттерин сатып алууга туура келүүдө. Алар жарым килограмм, айрым учурларда андан жеңилдерин дагы 40 манаттан (Түркмөнстандын Борбордук банкынын расмий курсу боюнча 1 доллар 3,5 манатка барабар) сатышат», — деди жергиликтүү жашоочулардын бири.
Укук коргоо органдарынын аты-жөнүн билдиргиси келбеген кызматкерлеринин биринин айтымында, акыркы кездери Түркмөнстан аймагына казак талааларындагы катуу сууктан качып келген бөкөндөрдүн саны дагы көбөйүүдө. «Мыйзамсыз аңчылык кылгандар келгин куштардан тышкары, бөкөндөрдү дагы өтө көп санда өлтүрүп жатышат. Жакында эле биз бөкөндөргө мыйзамсыз аңчылык кылып жүргөн жарандарды кармадык. Үч киши 43 бөкөндү атыптыр», — деди ал.
Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ