Menu

Акылбек Жамангулов, “Мегакомдун” башкы директору: Директордун маянасын 75%га кыскарттым

Бөлүшүү:

Жаш болсо дагы ийгиликтерге жетишкен жаштарыбыз арбын. Алардын бири Акылбек Жамангулов, жакында «Альфа Телекомго» («Мегаком» мобилдик компаниясы) жетекчи болуп дайындалды. Жогорку Кеңеште депутат болуп иштеп турган убагында деле активдүү болуп, алдыңкы эл өкүлдөрүнүн катарын толуктачу. Ири компанияны башкарууну жаңы гана колго алган башкы директор менен кенен баарлаштык.

—Акылбек Жекшенович, өлкөнүн ири компаниясын башкарууга дайындалгандан бери толкунданып жүрсөңүз керек?

—Жок, андай толкундануу сезими деле жок. Балким мен коом менен көп иштешип, парламентте депутат болуп, анан бул кызматка келгендиктен андай деле толкунданган жокмун. Мага чоң ишеним менен тапшырылган ишти алып кетүүгө болгон күч аракетимди жумшап жатам.

—Сизди Кемин аймагы боюнча алдыңкы байдын баласы дешет?..

—Чириген байдын баласымын дегенден алысмын. Туура, убагында атам жеке ишкерлик менен алектенген. Кудайга шүгүр, өзүбүзгө жете турган оокатыбыз бар. Ал эми сиздин сурооңузга келсек, атам неберелери, бир туугандары, балдары жана ошондой эле жакындары менен бай адам десек болот…

—Өзүңүзду бай адамдын катарындамын эсептейсизби?

—Материалдык жактан алганда байлардын катарын толуктабайм. Жашоо турмушума жете турган, бала чакамды каржы жактан кем кылбагыдай оокатым болсо, ошол жетет. Ата-энем тирүү, бир туугандарым аман-эсен, уул кызым чоңоюп, качан барсам аталап алдымдан чуркап чыгышат, досторум бар. Демек мен баймын.

—Ата-энеңизге бат-бат барып турасызбы?

—Дайыма эле алардын жанында болгум келет. Тилекке каршы, жумушума байланыштуу бир жумада бир гана жолу барууга мүмкүнчүлүгүм бар.

—30 жашта чоң компанияны башкаруу ар кимдин кыялы. Чоң максаттардын туу чокусуна чыктым деп эсептейсизби?

—Андай ойду ойлогондон алысмын. Келечекте элиме адал, ак эмгек менен дагы кызматымды кылсам деген ой-максаттарым бар. Ошолорго жетүүгө Кудай кубат берсин. Мына жаңы гана бул компанияга жетекчи болдум. Компанияны көтөргөнгө болушунча аракетимди жасайм. Чынын айтайын, азыр компаниянын абалы абдан жакшы дегенге да болбойт. Белгиленген бир убакытка чейин баарын жасап жетишип калсам экен деп чуркап жүрөм.

—Мектепте активист белеңиз?

—Окуучу кезимде мектебибиздин президенти элем. Абдан активдүү окуучулардын бири болчумун.

—Студенттердин күнү келе жатат, кайсыл окуу жайда студент болгонсуз?

—Менин үч дипломум бар. Кыргыз-Орус Славян университетин, Дипломатиялык Академияны жана Юридикалык Академияны аяктагам. Үч окуу жайды тең сырттан бүткөм.

—Кепти үй-бүлөңүзгө бурсак?

—Учурда бир кыз, бир уулга ата-эне болуп, тарбия берип жатабыз. Буюрса, үчүнчүсүн күтүүдөбүз. Келинчегим аман-эсен көз жарып алса экен деп тилеп жүрөм.

—Жубайыңыз маегинде: «Акылбектн жөнү жок ачууланбаган сапатын жакшы көрөм» деп айткан экен. Сиз келинчегиңиздин кайсы сапатын баалайсыз?

—Үйдө эмне маселе болуп жатат, тууган урук менен мамиле, алака катыш менен менин ишим жок. Балдарымдын окуусун, бала бакчасын баарын өзү жайгарат. Абдан мээримдүү, мени түшүнгөн, сыйлаган адамга жолуктурган жаратканга аябай ыраазымын. Келинчегимдин баардык сапаттарын жакшы көрөм. Ал мен үчүн идеалдуу адам.

—Стилиңизди ким тандайт?

—Кээде гана келинчегим өзүнүн пикирин айтып калбаса стилимди өзүм тандайм. Кийим-кечени деле Бишкектин эле дүкөндөрүнөн алам.

—Кызматка келгенден кийин достор көбөйө баштаса керек?

—Сөздүн ачыгы азыр достор менен көңүл ачып олтурганга таптакыр убакытым жок. Азыр көп убактымды компанияда өткөрүүдөмүн.

—Бир кезде парламенттен: «Эмне үчүн Мегаком компаниясынын башчысы 15 миң доллар айлык алат?» -деп маселе көтөрүп чыктыңыз эле. Өзүңүз канча сом айлык алмай болдуңуз. Же мыйзам менен бекитилген айлыкты ала бересизби?

—Азырынча биринчи айлыгым колго тие элек. Мага чейинки директорлор 12 (он эки) миң доллардын тегерегиндеги айлык алчу экен. Мамлекеттик ишкананын директоруна мындай айлык көптүк кылаарын эске алып, мен директордун айлыгын 75%га кыскарттым. Ошол деле жаман эмес.

—Депутат болуу компанияны башкаруудан бир топ жеңил болсо керек?

—Компанияны башкаруу албетте оор. Салыштырмалуу депутат болгон жеңилирээк. Коомчулук менен иш алып баруу таптакыр башка деп айтат элем.

—Ишти алдыга жылдыруу үчүн кызматкерлерге тилиңиз тийип калган учурлар болуп жатабы?

—Мен баардык адамдар менен тил табышып иштегенге аракет жасайм. Кол астымда иштеген жамаат менен ынтымактуубуз. Жамаатта дайыма бири-бирине түшүнүү менен иш алып барбаса, эч качан иш алдыга жылбайт. Бири-бирин жамандап, интрига болсо эч ким жакшы жетекчи деген атка конбойт.

—Жан сакчыңыз, айдоочуңуз барбы?

—Айдоочум бар, жан сакчым жок. Эгер сага кандайдыр бир жамандык жасайм деген адам болсо жан сакчыдан онду кайтартсаң да жасачу ишин жасайт.

—Күлүктөрү бар саясатчылардын арасында сиздин ысым да аталып жүрөт?

—Азырынча алыска чуркап, аламанга түшүп, байге алып келген күлүктөрүм жок. Бирок чакан чарбамда жылкылар бар. Кээде жумуштан убакыт тапканда сарайга барып кабар алып келем.

—Биринчи акчаңызды кайдан тапканыңыз эсиңиздеби?

—Мектепте окуп жүргөндө тоок багып, жумурткасын саткандан түшкөн акча биринчи тапкан тыйыным болгон.

—Сиз дагы жума сайын тойлорго барасызбы?

—Мурда барчумун. Азыр убакытым аябай тартыш болгондуктан тааныштарым таарынбай туура түшүнүү менен кабыл алышууда. Бирок элден калбаганга аракет жасайм. Эл менен элбиз.

—Мергенчиликке кандай карайсыз?

—Мылтык атып, мергенчиликке чыкканды жаман көрөм. Мергенчиликти сүйгөн адамдарды түшүнбөйм. Кайсы бир жандыкты атып, этин ырахаттанып жеген бул мен үчүн жапайы көрүнүш болуп сезилет. Кичинекей кекиликти атсам дагы этин жей албасам керек.

—Динге мамилсңиз кандай?

—Мусулманмын, динге көз карашым аябай түз. 5 убак намаз окубасам дагы, жума намазга барып турам.

—Интернетке канча убактыңыз кетет?

—Депутат кезимде массалык маалымат каражаттары менен тыгыз байланышып, эл менен тыгыз иштешүүгө аракет жасагам. «Мегакомго» келгенден бери өзүмдү ММКдан алыс кармайын деген чечим кабыл алдым.

—Кандай китептерди көп окуйсуз?

—Ишкердик жаатындагы китептерди көп окучумун. Учурда Чыңгыз Айтматовдун «Кыямат» деген чыгармасын окуп жатам.

Баян Кулова

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 18 = 28

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: