Menu

Уран калдыктары сакталган жерлерди реабилитациялоо фондун каржылоо кеңейтилет

Бөлүшүү:

Уран калдыктры сакталган жерлерди реабилитациялоо фондуна АКШ жана Евробиримдиктин бир катар өлкөлөрү каражат бөлүп берүүнү пландоодо. Бул туураалуу журналисттерге Евробиримдиктин Борбор Азиядагы атайын өкүлү Петер Буриан билдирген.

Анын айтымында, буга чейин Улуу Британиянын борбору Лондондо өткөн конференцияда аталган фондго 10 миллион евро өлчөмүндөгү каражат бөлүп берүү жөнүндө чечимди ЕБ тастыктаган. Буга чейин ЕБ уран калдыктарын реабилитациялоо фондуна 16 миллион евро бөлүп берген. Бирок бул акыркы сумма эмес. Евробиримдиктин кээ бир өлкөлөрү дагы фондду өзүнчө колдоону көздөөдө.

“Бельгия 2 миллион евродон ашуун каражат бөлүп берүүнү пландоодо. Башка мамлекеттер дагы фондду каржылоо жөнүндө сунуш даярдап жатат. АКШ менен Швейцария дагы аталган көйгөйдү чечүүдө көмөк көрсөтүүнү убадалашты. Өткөрүлүп жаткан иш-чаралар Евробиримдикке таандык эмес, алар регионалдык мааниге ээ, ошондуктан биз фондду курууга жардам көрсөтүп, бул көйгөйлөргө  донорлордун көңүлүн   буруусуна көмөктөшкөнбүз. Биз региондо ушул сыяктуу долбоорлорду ишке ашырып келген КМШ өлкөлөлөрү менен дагы кызматташууну каалайбыз. Аталган маселени Орусиянын тышкы иштер министри Григорий Красин менен дагы талкуулаганбыз,” – деп билдирген Петер Буриан.

Булак:KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 64 = 65

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: