Menu

Алтынбек Сулайманов кечирим сурады, Темир Сариевдин бети кызардыбы?

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңешинин депутаты Алтынбек Сулайманов өзүнүн Facebook баракчасы аркылуу, 2015-жылы Кыргызстан бажы союзуна киргенде ал союз 2020-жылга чейин берген жеңилдиктерди пайдаланбай, ошол кездеги премьер-министр Темир Сариев чет элден алып келинген унааларга бажы төлөмдөрүн кескин көтөрүп, элге каршы токтом чыгарганы үчүн мекендештеринен кечирим сурады. Анда: «Биз унааны кандай пайдаланабыз дегенге жооп издеп көрөлүчү? Кээ бирөөлөрдүн (байлардын) эки-үчтөн машиналары бар, бирин тойго, бирин тоого, бирин ишке минишет дегендей… Балдары өзүнчө, аялдары өзүнчө машина минишет. Мындай адамдар элибиздин 10% түзүшү мүмкүн. Ал эми калган 90% калкыбыздын жарымында машинасы жок, мындан көбүрөөк же азыраак болушу мүмкүн. Орто бай, оокаты өзүнө жетиштүү, же бир машинасынан башка эчтекеси жок адамдар да көп эле. Машина ар адам үчүн ар кандай роль ойнойт, орусча айтканда: (роскошь, понт, средство передвижения, орудие труда). Көпчүлүк жөнөкөй эл машина менен жанын багып жатат, үй-бүлөсун багып жатат!!! Машина менен эмне кылат? Таксовать этет, жумушка барып келет, мектепке же бала бакчага балдарын ташыйт, буюмдарын, малын, эгин-тегинин, ремонтко строй материалдарын, тез жардам ордуна кошунасын ооруканага жеткирет, койчу, бул тизмени токтоосуз жаза берсе болот. Өнүккөн өлкөлөрдөй биздин өлкөдө элди ташуу (коомдук транспорт) жөнгө салына элек. Шаардан-шаарга поезддер, самолеттор, айылдан райондун борборуна жетүү, шаар ичинде троллейбус, автобус ж.б. ушунун баары жеткиликтүү эмес. Ушулардын жетишпей жатканына карабай эл өз оокатын кылып атат. Бажы биримдигине киргендеги 5 жылдык жеңилдетилген мөөнөттү туура эмес пайдаланып, элге каршы токтомдорду чыгарыпбыз. Бир токтом менен элге өтө чоң – миллиарддаган зыян келтирип алдык. Буга ошол кездеги президент, премьер-министрдин, албетте парламенттин да чоң күнөөсү бар деп эсептейм. Башкалар мойнуна алгысы келбесе да, ушул ката-кемчилик үчүн, кеч болсо да мен жалпы элден кечирим сурайм!» деди. Элге каршы токтом кабыл алып, мамлекетке оор зыян алып келген Темир Сариевдин бул сөздөргө жок дегенде бети кызарды бекен?

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 42 = 47

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: