Menu

Өмүрбек Текебаевдин жана Дүйшөнкул Чотоновдун ишин кайра кароого олуттуу себеп түзүлдү

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына ушинтип жазып, өз оюн төмөндөгүдөй түшүндүргөн:

-Мен “Кыргызаэронавигация” мамлекеттик ишканасынан депутаттык суроо-талап аркылуу тиешелүү маалыматтарды алдым. Орус жараны, шылуун Леонид Маевскийдин көрсөтмөсүндө 2010-жылдын 13-майында, кечинде “Супара” кафесинде Текебаев жана Чотоновдор менен кечки тамакта жолугуп, эки сааттай сүйлөшүп, акча бергени сотто негизги көрсөтмө болгон. Бирок 13-май күнү Чотонов саат 17:21де 01101 номерлүү МИ-8 тик учагы менен Фрунзе 1 маршруту аркылуу Ошко учканы белгилүү болду. Генерал Исмаил Исаков Ошко аны менен чогуу учканын сотто тастыктаган. Текебаевдин болсо, ал күнү түн бир убакка чейин “Ак-Кемеде” кеңешмеде болгону да факты. Демек, Маевский менен Модиндин дагы бир калпы ашкере болду! Ошондой эле, “О” уюлдук операторунан биз дагы бир арыздануучу Модиндин шаар ичинен чыкпаганы тууралуу расмий маалымат алдык. Алардын жолукканы жана акча бергени жалгандыгы, бул ишти ошол кездеги бийлик атайылап уюштурганы ачыкка чыгууда. Мындай маалыматтар ишти сотто кайра кароого негиз боло алат. Кыңыр иш кырк жылда билинет дешчү, азыр заман башка, кыңыр иш кырк айга да жетпей билинчү заман. Маевский жана анын Кыргызстандагы мамлекеттик деңгээлде калп айткан достору, саясий ишмерлердин тагдыры менен ойногону үчүн жоопкерчиликке тартылышы керек!

Булак:KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: