Menu

АКШ Гюленди Түркияга бербей турганын айтууда

Бөлүшүү:

АКШнын NBC телеканалы кээ бир чиновниктердин маалыматына таянып, Вашингтон өлтүрүлгөн журналист Хашокжи окуясы боюнча Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоганды жибитүү жана Сауд бийлигине кылган басымын токтотуу максатында дин аалымы Ф.Гүленди Түркияга өткөрүү тууралуу сүйлөшүү жүргүзгөнүн айтып чыкты. Бирок АКШнын мамлекеттик департаменти бул кабарды жалганга чыгарып, мындай болуусу мүмкүн эмес экенин жарыялады. Бул тууралуу америкалык басылмалар жазышты.

«Түркия тарап бир нече жолу диний ишмер Ф.Гүленди өткөрүп берүү тууралуу кайрылган. Бирок буга жетиштүү негиз жок болгон үчүн биз баш тартканбыз. Гүлендин Америкага келиши жана жашашы мыйзам чегинде болгону үчүн ага каршы эч кандай чара көрө албайбыз. Ал эми Хашокжи окуясы менен аалымдын эч кандай байланышы жок», — деп айтылат билдирүүдө.

NBCге сүйлөгөн кызматкер аалымды Түркияга өткөрүү мумкүн болбосо, үчүнчү өлкөгө өткөрүүнү пландашкан деген маалыматын дагы төгүндөгөн өкмөт мүчөсү: «Үчүнчү тарапка өткөрүп берүү маселесинде болсо, эгер Ф.Гүлен өз каалоосу менен барбаса эле, аны өткөрүүгө мыйзам жол бербейт», — деди.

Эске салсак, дин аалымы Фетхуллах Гүлен 1998-жылы Америкага ден соолугуна байланыштуу операция үчүн барган бойдон ошол жакта калган. 2016-жылдын июль айындагы «аскердик төңкөрүш аракети» чуусуна түрк бийлиги аны күнөөлөп, ага байланышы бар делген ишканаларды жаптырып, адамдарды кызматтан алып, түрмөгө камаган.

Аалым бул кинени кескин четке кагып, окуяны «атайын уюштурулган чагым» катары баалаган.

Булак: «Мантыш»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 99 − = 93

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: