Menu

Үч-Коргон ГЭСинде авария катталды

Бөлүшүү:

Үч-Коргон ГЭСинде авария болду. Андан улам экинчи гидроагрегаттын генератору жабыр тартып, ишин токтотту.

Бул туурасында “Электр станция” ААКнун маалымат кызматы билдирди.

ГЭСтеги авария статордун оромдорунун жабыркашынан келип чыкты. Азыркы убакта гидроагрегатты калыбына келтирүү иштери жүрүүдө. А башка энергетикалык жабдыктар өз калыбында иштеп жатат, колдонуучуларда электр энергиясына байланыштуу көйгөй жок.

“Башка станциялар өз ишин улантып жатат. Өткөн сутканын ичинде  58 млн 146 миң киловатт-саат, анын ичинен ЖЭБ  6 млн 993 миң киловатт-саат энергия иштеп чыккан” ,- делет маалыматта.

Эске салсак,  Үч-Коргон ГЭСи Жалал-Абад облусунда жайгашкан. Ал Нарын каскадына курулган ГЭСтердин арасында биринчилеринен болуп, 1962-жылы 5-ноябрда эксплуатацияга берилип, иштей баштаган. Бул ГЭСтин долбоор боюнча пландалган кубаттуулгу-180 МВт.

Булак: KyrgyzToday

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 78 − = 73

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: