Menu

Депутат Алмасбек Акматов жооп берди

Бөлүшүү:

«Мантыш» гезитинин 6-ноябрдагы №53 санында Жогорку Кеңештеги «Бир бол» фракциясынын депутаты Алмасбек Акматовго «Катталарга» кабыргадан коюлган суроолор» рубрикасынан Бакиевдер менен болгон байланышы боюнча собол таштаган элек. Эл өкүлү байланышка чыгып, жообун узатты. Анда микрофон берелик.

—Урматтуу редакциянын жамааты, сиздер узаткан суроого жооп кылып, ошону менен бирге кээ бир басылмаларга чыккан материалдарга тактоо киргизип кетейин. Себеби, айрым маалымат каражаттары мага карата «Бакиевдин кадры, Бакиевдин куйругу, Бакиевдин кошелегу, Жаныштын досу» деген сындуу кара пиарды жабыштырып жүрүшөт. Мен Аскар Акаевдин убагында президенттин иш-башкармалыгында орун басар болуп иштегем. Курманбек Бакиев менен премьер-министр болуп турганда таанышып, жакшы мамиледе иштешип жүрдүк. Кийин ал кишини кетирди. Өкмөт жетекчилигинен адилетсиз бошотту, жакшы иштеп жаткан дегем. Ал киши мага ошондой көрүнгөн. Кызматтан кеткенден кийин катышып жүрдүм, колдодум. 2005-жылы революция болду. Акаевдин доору бүттү, эми адилеттүүлүк орнойт деп көпчүлүк менен бирге сүйүнгөм. Себеби, эл чындап эле кыйналып кеткен. Завод-фабрикалардын баары талкаланып, колхоз-совхоз менен мал-чарбачылыгы өлүп, айыл-чарбасы мышык ыйлай турган абалга жеткен. Мамлекеттик кызматтар соодага айланып, министрликтер эки жылдык мөөнөткө бааланып, бүтөрү менен башкасына сатылып калган. Революция туура болгон, мен колдогом.

Революциядан кийин Курманбек Салиевич мени иш-башкармачылыгына жетекчи кылды. Бакиев менен 8-9 ай гана иштедим. Ошол аралыкта тегерегиндегилер ал кишини туура эмес жого түртүп жатканын көрдүм. Токтотконго аракет кылдык. Бирок, менин көз карашым, позициям булардын командасына туура келген жок. Кээ бири менен кер-мур айтыштык, акыры кетиришти. Кетиргенден кийин аябай катуу текшеришти. Эгер кичине кынтык тапса, киргизер жерге киргизип, жетер жерге жеткизишмек. Менин таза иштегеним калкан болду. Дегеле мен казынага кол салган киши эмесмин. Өзүмө жетер оокатым бар. Анан эми карап көргүлөчү, мен ошондо кантип Бакиевдин кадры же куйругу болуп калам?

Иштебей бош жүргөнүмө эки жылдай болуп калганда чейрек кылымдан бери жакын мамиледе, үй-бүлөлүк карым-катышта жүргөн Искендер Гаипкулов Эсеп палатасына чакырды. Көзөмөлдөөчү органда иштей албаймын го деп үч күндөй ойлонуп жатып келгем, кынтыксыз түрдө Бишкек-Чүй-Таласты жетектеп бердим. Ал киши кеткенден кийин Эсептөө палатасынын эки жетекчиси менен иштедим. Эки президенттин, Отунбаева менен Атамбаевдин мезгилинде иштедим. Анан туруп-туруп эле сүйлөй албай катуу ооруп калдым. Жумуштан кеткенге туура келди. Элмира Ибраимовага эки жолу арыз жаздым. Иштеп бериңиз деп өтүндү, бирок ооруганыма байланыштуу өз арызым менен кеттим. Эч кимиси менен өйдө-төмөн айтышкан жокмун. Бир нече жыл дарылангандан кийин мамлекетке салым кошоюн деген максатта парламенттик шайлоого катышып, Бир бол» партиясы менен чыгып, элдин колдоосуна ээ болуп, үч жылдан бери иштеп жатабыз. Кыскасын айтканда, мени бакиевдерге жабыштыруу акылга сыйбай турган иш.

Памир Манас

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 38 − = 31

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: