Menu

Абдылдажан Акматалиев, академик: Тайлак баатыр – улуттук боштондук кыймылдын баштоочусу

Бөлүшүү:

Тайлак баатыр тууралуу маалыматтар кытайдын жазууларында [Кузнецов В.С. Цинская империя на рубежах Центральной Азии. – Новосибирск. – Наука. -1983], эмгектерде [Солтоноев Б. Кызыл кыргыз тарыхы. – Бишкек. – 1-китеп; Аттокуров С. Тайлак баатыр- Бишкек. -1994; Закиров С. Кыргыз санжырасы. – Бишкек. -1996; Тоголок Молдо. Тарых. Түпкү аталар // Китепте: Кыргыздар. -1993. 2-том; Валиханов Ч. Собр. соч. в пяти томах. Т. 3. Алма-Ата. -1986. ж. б.], макалаларда [Асанов Т. Тайлак баатыр // Мурас. -1991. – № 1; Сатыбалдиева // Ленинчил жаш. – 1990. – 13-март. ж. б.] кеңири кездешет. Анын образы фольклордо [Абдырахманов Ы. Тайлак баатыр. Кол жазмалар фондусу. Инв.№120 (323); Чоробаев А. Тайлак баатыр. Кол жазмалар фондусу. Инв. № 28 (221), № 32 (225).] жана көркөм чыгармаларда [Чоробаев А. Тайлак баатыр. – Фрунзе. -1959; Осмоналиев К. Көчмөндөр кагылышы. – Бишкек. -1993; Бейшеналиев Ш. Тайлак баатыр. – Бишкек. – 1998] иштелип чыккан. Ш. Бейшеналиевдин маалыматы боюнча Тоголок Молдо шакирти Нурдин молдого насааттап баатыр тууралуу дастан жаздырган экен.

Тайлак сыяктуу баатырлардын жарык дүйнөгө келиши эпикалык «Манас» ж. б. чыгармадагыдай мүнөзгө ээ болуп, уламыш-санжыраларда айтылгандай анын энеси илбирстин жүрөгүнө талгак болот. Баса, Тайлактын замандашы Балбай баатырдын энеси да жолборстун жүрөгүн эңсейт эмеспи! Эки эне тең келечекте баатырларды төрөй тургандыктын эң баштапкы белгиси. Балбайдын энесине жолборс табылбай, Кегетиден аткан карышкырдын жүрөгүн алып барып беришкен дешет. Ал буга да талгагы канбай – карышкырдын көк жалынын жүрөгүн жеген экен. Ушул сыңары Тайлактын энесине да илбирс таппай, анын терисин табышып, короого түшкөн көк жал Карышкырды кармап алган койчудан сатып алышыптыр. Замандаш баатырлар «бир колуна кан аралаш затты» кармай төрөлүшөт, Мындай көрүнүш эл оозеки чыгармачылыгында кеңири айтылат. Уламыш-легендалар боюнча Чыңгызхандын, эпосто Манастын жарыкка келиш салты да ушул көрүнүштү далилдейт.

Ал мезгилде кокондуктар элди эзип, тарыхчылар Б.Жамгырчинов, К.Үсөноаев, С.Аттокуров ж.б. жазгандарына караганда 18ден ашуун салыктарды жыйнап турушкан экен. Алардын сулуу кыз, келиндерди мал-мүлктөрдү олжолоп, хан ордосуна алышы өз көзү менен көрүп турган он үч жаштагы Тайлактын жүрөгүн сыздаткан. Ы. Абдырахмановдун кол жазмасында кичинекей Тайлактын эл аралап жүргөн кокондуктарды жактырбагандыгы айтылат. К. Осмоналиевдин романында атасына берген «Бул эмнеси?» деген суроосуна «ишиң болбосун, бас жаагыңды!» – деп өтө орой жооп бердирип, болочок баатырды кактырып коёт. Ушул көрүнүштөн тартып Тайлактын ар-намысы ойгонуп, эл-жерин душмандардан коргоону өмүрүнүн башкы максаты катары эсептейт.

Акын А. Чоробаевдин казалында Тайлактын биринчи эрдиги ошол сулуу кыз-келиндерди, жаш уландарды кокондуктарга айдап бараткан жерден сүрөттөөдөн көрүнөт. Тайлак ичинен жактырып, сүйүп жүргөн Барпыжан (Барпыгүл) да хан ордого кетүүч үлөрдүн ичинде. Акын кыздын сулуулугун, акылдуулугун эргүү менен ыргасалат. Зордук-зомбулуктун айынан он төрт жаштагы кыз үмүтү өчүп, арман кошокко көз жашын төгөт:

«-Мен – деди – ордо шзга барганымча, Тирүүлөй теңдигимден калганымча, Канетип ай желдеттер тирүү жүрөм, Жүрөккө болот канжар саймайынча!.»

«-Эр Тайлак айдакчыдан ажыратар, Күн барбы шоола бизге чачыратар. Үйүндө баш калкалап жатып калса, Ким деген шордуулардын башын ачар?»

Барпыжан (Барпыгүл) демекчи, С. Аттокуровдун маалыматы боюнча кыз менен баатыр аң уулоодон кездешип, «шыралга» сураган кыздын сулуулугуна суктанып, айылына тие кеткен. Атасы Калматайга жуучу жибергенде «журт атасынын көзү түшсө мейли, калыңын төлөй берсин» деген. Никеге камылга жүрүп жатканда чабарман келип, Барпынын сыздаганын-боздогонун сүйгөнү Тайлакка жеткирип жатпайбы!..

Ш. Бейшеналиевдин даректүү баянында Барпыгүл баатырдын карындашы катары сүрөттөлүп, ортолорундагы сезим чагылдырылбайт.

Дегеле кыз кошогу, же айткан сөзү баатырларды куткарып алууга намыстантат. Мындай окуя бугу-сары-багыш чабышында бир сулуу келинди көчтөн жыгышып, зордук-зомбулук көрсөтүп жатканда «Чунак акем ушундайда пайдасы тийбей кайда жүрөт» – деп чыңырып жибергенде Балбай чыдап тура албай чабуул койгондугу айтылат. Барпыжандын кошогу Тайлакты да шердентип, кырк жигити менен душмандын алдын тосот. Тайлак кокондук сарбаздардан «кыргыз жерин экинчи баспайбыз» деп ант алып, жөө-жалаң Коконго айдап, Мадали ханга кысым көрсөтүүсүн токтотсун деген шарт коёт.

Акын бул кагылышууну өтө кыска сүрөттөгөн. Анын үстүнө автор баяндоо ыкмасын тандап алгандыктан, ачык конфликт, кыймыл-аракет көрүнбөйт, каармандын ички дүйнөсү тууралуу сөз кылууга болбойт. А. Чоробаев окуянын сюжетин кууп, сырткы көрүнүштөргө басым кылган. Ал окуяларды ирээттүү түрдө баяндаган. А.Чоробаевдин поэмасына караганда окумуштуу С. Аттокуровдун илимий изилдөөсү нагыз илимий принципте жазылбастан, өтө көркөмдөштүрүлүп кеткен.

Ш. Бейшеналиевдин чыгармасында балалык эрдиги катары калмактар менен кагылышууда билинип, кол башчысы Хунте баатыр менен беттеше калып, кандайдыр бир сыр колдоп Хунтенин Керкашкасы үркүп кеткенинен пайдаланып Тайлак кылыч менен маңдайын жара чапкан. Бала баатырдын эрдигин салтанаттап, ай туяк ак боз бээ союлуп түлөө өткөрүлгөн. Жазуучу сыймыктануу менен душманды жеңүүдөгү картинаны элестүү көзгө тартат.

Ооба, Тайлак менен Анатай Куртка чебинин курушуна өздөрү катышып, жигиттери менен жардам берип эмгек сиңиришкен. Бирок алар дини, дили, тили жакын кокондуктардын зордук-зомбулук көрөбүз деген ойго кептелишкен эмес. Кокондуктардын көрсөткөн кордуктары жанга батканда гана чептин элдин канын соруп, басып алуу үчүн курулганына көздөрү жетти.

Эки бир туугандан корккон чептин ээси Таштанбек Атантайды меймангаалдап чакырып, ордого салган. Ш.Бейшеналиев бул эпизодду кеңири баяндаган: Анатай менен Барпыгүлдүн туткундалышын бирдей угуп, аларды куткарууга аракет кылышы, Куртка чебин талкалашы, Таштанбекти Мадали хандын өлүмгө кыюу чечими ж. б. окуялар бири-бири менен тыгыз байланышта сүрөттөлгөн. Чыгармада Тайлактын образынын агылыктуу чагылдырылышы да мына ушул эпизоддор менен чечилген.

Тайлактын Куртка чебин алуусу К. Осмоналиевде болгону эки-үч сүйлөм менен берилген, автор негедир көптөгөн кызыктуу окуялардан «аттап» кеткен. Албетте, бул жазуучунун чыгармасына пайда алып келип бербейт, тескерисинче, ал окуяларды сюжетке тартса каармандын элеси дагы ачыгыраак көрүнүп, образдар системасынын чагылышына таасирин тийгизмек.

А. Чоробаевдин поэмасын да ордо кыздарды куткарып калгандан кийин атасы Рыскулга (Ырыскул) душмандан элди сактоо, ошону менен бирге агасы Атантайды ордодон бошотуу үчүн Куртканын бегине кол сала тургандыгы жөнүндө кеңешет:

Жашым өтүп жетилдим,

Жатып неге бекиндим?

Кокондуктун кордугун,

Ойлогондо өкүндүм.

Акын ата менен баланын ортосундагы карама-каршы пикирлеринин, көз караштарынын кагылышын жандуу чагылдырган. Атасы уулунун жасаган эрдигин айыптап, «Кокондун жолу кыйын жол, Кол тийбеген ыйык жол» деп жолун тосуп, душмандардан кечирим сурап барууга көндүрүүгө аракет кылат. Бирок Тайлак жигиттери менен кол салып, Курткадагы чептин күлүн көккө сапырып, Атантай баштаган ордодо камалгандарды эркиндикке чыгарат. А. Чоробаев көрсөткөндөй анын баатырдыгы менен адамкерчилиги, кең пейилдиги шайкеш келип, чептеги мал-мүлктү талап-тоноп албай элге таратып берет. Дегеле көркөм чыгармаларда болобу, же жазма булактарда болобу Тайлактын башкалардан өзгөчө мүнөзү – бирөөнүн дүнүйөсүнө көз артпаган, адал эмгек менен оокат кылган, кызыкчылык көздөбөгөн, акыйкат, эркиндик үчүн гана жеке керт башын өлүмгө сайып койгон баатыр катары көрсөтүлөт. Тайлак замандаштары Балбай, Төрөкелди (алардын баатырдыгын эч ким танбайт) ж. б. окшоп бирөөнүн жылкыларына тийген эмес, барымтага алуу кан буугандай токтолгон, ууруларга каршы элдешкис күрөш жүргүзгөн.

Ууру кармап бергенге,

Ушул менин убадам,

Желпилдеген төө берем.

Же болбосо уккула,

Желини карыш бээ берем!

Тайлактын дагы бир акыл бөтөнчөлүгү – кыргыз эли бири-биринин малын олжолоп, кыз-келинин зордуктап ич ара тытышып турса, биримдик болбосо сырткы душмандар менен күрөшүү кыйын болорун, ар ким «өз көмөчүнө күл тартпай», «бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып», кокондуктар менен ачык күрөшүүгө чакырат. Тарыхый булактарга караганда Тайлактын сырткы душмандар менен гана күрөшүүсү -кыргыз элинин көз карандысыз үчүн күрөшүүнүн жаңы этабы болуп саналат. Баатырдын тайманбас идеясын колдошпой көпчүлүгү тарап кетишет:

Бирээри айтат кокондук,

Түбүнөн бери күчтүү дейт.

Бирээри айтат Чоронун,

Тукумун эми үздү дейт.

Лашкери келет, эл чабат,

Мадали кан түптүү дейт.

Тайлак башка бирөөлөргө ишенгенден көрө өз күч-кубатына, жигиттерине ишенүүнү эп көрүп, жума сайын Атантай менен бирге согуштук көн үгүүлөрдү үйрөнүүнү улантат.

А. Чоробаевдин казалында К. Осмоналиевдин романында чагылдырылгандай Тайлак Кокон хандыгына элчи жиберип, ордого кеткен кыз-келиндерди кайрып алат, өлгөндөргө күн төлөтөт.

Ачуусу кайнаган Мадали хан жазалоо үчүн кол башчыларынын бири Арапка катуу буйрук берип жоокерлери менен жиберет. А. Чоробаев Араптын кыргыз жерине жол тартуусун, арак-шарап ичип, кыз-келиндер менен ойноп келе жатышын элестүү берген. Ошону менен бирге Арапка «кошоматчы кылып, кой сойгон» кожо-молдолордун образдары да ийкемдүү иштелген. «Дамбылданын түшү» деген бөлүмчөдө түш көрүп, аян билдирип, «Он бир күндүн ичинде, Башын кестиң Тайлактын» деп Арапты макташып, көп олжо алышат.

Тайлак менен Араптын согушу -А. Чоробаевде, К.Осмоналиевде, Ш. Бейшеналиевде эң негизги эпизоддордон. Акын казалда көркөм кыялданууда өтө ашкере нукка түшүп кеткени дароо байкалат. Фольклордук чыгармаларда баатырлар капысынан жолугушуп, кийинки кагылышуунун эрежелерин иштеп чыгышып, «сөзгө» келишип, ант-шерт беришип, эч нерсе болбогондой тарап кетишет. А. Чоробаев да чалгынга өзү чыккан Тайлакты эки айрылган жолдо уктап жаткан Арапка жолуктурат, аны шашпай ойготуп наспай тартышып жекеге чыгууга убадалашып кайтышат. Ал эми Ж. Кенчиевдин санжырасында (Ш. Бейшеналиевдин даректүү баянында баш сөздө берилген) Тайлак Арапты тосуп туу белге чыгып, жаратылышка кумарланып, кымызга талыкшып уктап кетет, аны Арап келип ойготуп, жекеге чыгууга ынтызар экендиктерин бири-бирине билдиришип, досторчо коштошот. Каармандар орун алмашып гана калган. Акын болсо Тайлактын тарыхый инсан экендигин унутуп калган, реалдуу шартта мындай окуя болгон да эмес. Ал эми А. Чоробаев эпикалык чыгармалардын таасиринен улам өтө гиперболалаштырып, абстрактташтырып жиберген да, баатырлар жомоктук каармандарга айланып калышкан. Эмне үчүн Тайлак жалгыз чалгынга чыгат?! Арап эмне үчүн уктап калат?! Араптын жанындагы кайтаруучу жигиттери кайда?! Элдешпес душман болуп туруп эмне үчүн чабышып кетишпейт?! Акын Тайлактын адамгерчилигин, боорукерлигин, баатырдык айкөлдүгүн көрсөтөм деп жатып, аны турмуштук-реалдык белгиден ажыратып салган.

(Уландысы кийинки санда)

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 70 = 79

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: