Menu

Шаардык кеңештин депутаты мэр Азиз Суракматовду сындады

Бөлүшүү:

Бишкек шаардык кеңешинин “Республика – Ата Журт” фракциясынын депутаты Канатбек Мүзүралиев Бишкектеги түштүк магистралдын боюнда салынып жаткан тротуар жана велосипед жолчосу кайсы каражаттарга курулуп жатканына кызыкты.

“Азиз Суракматов жаңы тротуар жана велосипед жолчолорунун курулушун баштады. Анын эмне кереги бар?Алар кайсы каражаттын эсебинен салынууда?  Ал жерде азыр ушундай кызуу курулуш иштери жүрүп жатат, бирок жумуштар кыш келээрде, ноябрда башталды. Бул долбоордун бизге кереги барбы, же бул жөн гана мэрдин пиарыбы? Социалдык мекемелердин курулушуна болсо, акча жок. Бала бакчалардын жана мектептердин чатырларын алмаштырууга дагы акча жок болгондуктан, каражат ата-энелер фонддорунан алынууда,” – деп сын айтты депутат.

Борбор калаанын биринчи вице-мэри Алмаз Бакетаев каражат шаардык бюджеттин эсебинен бөлүнүп жаткандыгын жана велосипед жолчосу менен тротуардын курулушуна бөлүнгөн каражаттын суммасы 70 миллион сомду түзгөндүгүн билдирди.

Булак:KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: