Дамир уулу Максат туризм департаментинин жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалымат менен камсыздоо бөлүмү билдирди.
Премьер-министр кол койгон жарылыкка ылайык, Дамир уулу Максат КР маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары статусу менен, министрликтин Туризм департаментинин жетекчиси болуп дайындалды.
Аталган департаменттин мурунку жетекчиси Азамат Жаманкулов Маданият, маалымат жана туризм министри болуп дайындалган.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ