Menu

Турсунбек Чынгышев: “Региондорду өнүктүрүү үчүн губернаторлор институтун кайтаруу керек”

Бөлүшүү:

Өкмөттүн жана Жогорку Кеңештин мурунку башчыларынын  президент менен болгон жолугушуусунда Сооронбай Жээнбековго мурунку өкмөт башчы  Турсунбек Чынгышев өз сунушун киргизген.

Анын айтымында, аталган жолугушуунун катышуучулары мындай иш чаралар өтө маанилүү экендигин белгилеп, өлкө башчыга ыраазычылыгын билдиришкен.

“Сын дагы айтылды, сунуштар дагы болду, жалпысынан абдан конструктивдүү жолугушуу өттү” – деп билдирген Т.Чынгышев.

Ал Сооронбай Жээнбековго губернаторлор институтун кайтарууну сунуштаган.

“Учурдагы регион жетекчилеринин ыйгарым укуктары жок. Алар өз региондорун кантип өнүктүрөт? Өзгөчө президент региондорду өнүктүрүү багытын тапшыргандан кийин, губернаторлорго социалдык жана экономикалык маселелерди өз алдынча чечүүгө мүмкүнчүлүк берүү керек” – деп белгилеген мурунку өкмөт башчы.

Булак:KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 43 + = 44

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: