Menu

Жылдыз Жолдошбаева: Кээде чаалыкканда жалгыздыкты да жактырам

Бөлүшүү:

Коомчулукка көгүлтүр экрандын жүзү болуп таанылган, учурда Жогорку Кеңештин «Парламент» берүүсүнүн алпаруучусу Жылдыз Ж0лдошбаева менен кесиби, жашоо турмуш тууралуу маек курдук. Жаркылдаган чырайлуу кызыбыздын теледе эмгектенгенине 8-9 жылдын жүзү болуптур. Чыгармачылык ийгиликтерди каалап, маекти сунуштайбыз.

– Теле үчүн жаралган кызсың. Азыр түрдүү телеканалдарда алпаруучу кыздар көп, аларга кандай сын көз караштасың?

– Коом өнүгүп, баары алдыга умтулууда. Заманга жараша креативдүү алпаруучулар көбөйдү. Мага жаңылануу жагат. Сын пикир айткым келбейт. Чын, дээринде бар жаштар үйрөткөн нерсени үйрөнүп кетишет. Ал эми аракети жокторду акырын эле убакыт таразалап коёт. Мен телевизор көргөндө жаңылыктарды гана укканым болбосо, негизи көңүл ачуучу программаларды көрүүгө дээрлик убакыт деле болбойт.

– Күйөрмандар тынбай кат жазып же белек тартуулаган күндөр болобу?

– Бир-эки күйөрман бар болот. Бир байке бар болчу, төрт жылдай жазды. Акыбал, ден соолук сурап, жакшылык каалай берчү дайыма. Кийин жоголуп кетти, эч жазбай кадды. Анан баракчасына кирип карасам, тааныштары көңүл айтып жазыптыр, кайтыш болуп калыптыр. Аябай жаман болгом кайгырып. Майрам күндөрү майда-чүйдө белек берип калышат. Бирок, жакын же тааныштардан гана алганым болбосо, ар ким эле бере бербейт.

– Жалгыз бой турмуш, жеке жашоодо кандай жаңылыктар болуп жатат?

– Жеке жашоо турмуш агымы менен өтүп жатат. Күнүгө эртең менен туруп, көз ачып суу ичкениме шүгүр кылам. Тирүүлүк -өзү бакыт.

– Жалгыздыкты кандай кабыл аласың?

– Жараткан эч качан жалгыз калтырбасын. Бирок, кээде чарчаганда жагат жалгыздык. Отуруп мээ сергитип, табитке жараша ыр, музыка угуп, түрдүү жанрдагы кинолорду көргөндү жактырам.

– Сүйүү бар экенине ишенесиңби?

– Ар бир жүрөктө сүйүү болушу шарт. Мен кээде ойлойм, тирүү жандын баарында сүйүү, махабат болсо керек. Курт-кумурска, жан-жаныбардан тартып, адамзатына чейин. Бирок, баягы эле эски стереотиптин айынан кыз киши сүйүүсүн билдирүүгө баары бир туура келбей калат го…

-Жашоодо эмнелер кайгыртат, эмнелер кубандырат?

– Жашоодо баланс жоктой сезилет, ошол кайгыртат. Текебер адамдардын жүрүм-туруму кайгыртат. Кээде көзү тирүүсүндө мыкты адамдарды баалай албай, көзү өтүп кеткенден кийин мактап-жактап калуу кайгыртат. Билимдүү жаштардын дүйнөлүк аренага өз аракети менен чыгып, жаштарды жакшы жакка үгүттөөсү кубантат жана жакшы адамдардын айланамда бар экенине топук кылам.

– Теленин сүрү дегендей, жумушуңда кызыктуу окуялар көп болсо керек?

– Негизинен теледе иштеге-ниме 8-9 жылдын жүзү болду. ИИМден бир байке келип маек берген. Өзү жакшы сүйлөйт экен. Эфирге отургузуп, микрофонду тагып, камераны күйгүзгөндө баягы байке кызарып-татарып, буту-колу титиреп, анан үнү башкача болуп чыкты. Аябай күлкүм келди, бирок, аны бир чети аядым. Эфир бүткөндөн кийин ал байке аябай сонун сүйлөп берген. Ар кандай күтүүсүз учурлар болуп калат. Кээде күнүмдүк жашоодо колдонуп жүргөн жөнөкөй сөздөргө деле тил келбей калат.

Жамиля Нурманбетова

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 49 − 46 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: