Menu

Фото – Кыргызстанда жапайы жаныбарлардын саны көбөйүүдө

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин Кара-Буурадагы мамлекеттик жаратылыш паркынын кызматкерлери буга чейин орнотулган фото-капкандарын алышкан.

Аталган фото-капкандар агенттиктин жана аталган парктын кызматкерлери тарабынан орнотулган.

Фото-капкандардан алынган сүрөттөрдөн аймакта жапайы жаныбарларлардын бир топ түрү жашаганы көрүнүп турат.

Аталган мамлекеттик агенттик тарабынан жүргүзүлгөн биоартүрдүүлүктү сактоо жана жапайы жаныбарлардын, анын ичинде ак илбирстин санын көбөйтүүгө карай багытталган иштер натыйжа бере баштады. Буга чейин жапайы жаныбарлардын бир топ түрлөрүн, өзгөчө, илбирсти табуу өтө кыйын иш болчу.

Жакында эле, Кара-Буурадагы мамлекеттик жаратылыш паркынын кызматкерлери дагы 4 фото капканды орнотушкан.

Кара-Буура мамллекеттик паркы Талас кырка тоосунун түндүк боорунда жайгашкан. Аймактын эң бийик чокусу – Манас чокусу 4484 метрди, аянты 61544 гектарды түзөт. Климаты кескин өзгөрүүчү зонада жайгашкан.  Климаты бир кылка эмес, ысык жай менен суук кыш чектешип турат.

Кара-Буура жаратылыш паркы түндүгүнөн Чаткал району, батышынан Казакстандын Аксу-Жабаглин коругу, а түндүк-батышынан Өзбекстандын Пискем паркы менен чектешет.

Булак:KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 54 = 56

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: