Menu

Кытайда кыргыздар жапырт камалуудабы?

Бөлүшүү:

Шинжан уйгур автономиялуу райондун партиялык жетекчиси  Чэнь Цюаньго. 19-октябрь 2017-жыл.

Кытайдагы 1500дөй кыргыз жашаган Кайыз айылында 300 киши камакка алынганы кабарланууда. “Эркин Азия” радиосу бул тууралуу 13-ноябрда кызылсуулук кыргыздын маалыматына таянуу менен кабарлады.

Кытайда туугандары четинен камалып, расмий Бээжин “тарбиялоочу лагерь” деп атаган жайларда отурганын Кыргызстандагы кытайлык кайрылмандар да айтып жүрүшөт. Алар бул жайлар лагерь эмей эле, кармалгандарды кыйнаган түрмө экенин белгилеп жатышат.

Кытайдын Кызыл-Суу кыргыз автоном округунун Актоо ооданындагы Кайыз айылында жашаган 1500дөй кыргыздын 300ү камакка алынганын өткөн аптада “Эркин Азия” радиосу кабарлады. Аталган радио кайыздык кыргыз менен байланышканда ал адамдар негизсиз эле жапырт кармалып жатканын айтып берген. Шинжаңда Кытайдагы кыргыз окумуштуулары да кармалганы айтылууда. 17-ноябрда кыргызстандык активист Эдил Байсалов “интеллигенция өкүлдөрү кармалып жатат” деген тизмени “Твиттерге” жарыялады.

Кытайда калган туугандары абакта экенин айтып, Кыргызстандагы кайрылмандар да “Азаттыкка” көп кайрылып жатышат. Алардын бири – беш жыл мурда тарыхый мекенине келип, жарандык алып, учурда Караколдо жашап жаткан Турсунаалы Үсөн. Ал Казакстан кытайлык кыргыздардын көйгөйүнө көңүл бөлүп жатканын айтып, бирок Кыргызстандын бийлиги аларды “көз жаздымда калтырууда” деп кабатыр.

Кулжадагы Шаты айылынан келгем, – дейт Турсунаалы Үсөн. – Ата-энем, туугандарымдын баары Кытайда. Азыр алар менен кабарлаша албай калдык. Бирок ал жактан кабар алгандардан маалымат угуп атабыз. Ал айылда мурда беш мектеп бар болчу. Уйгур, казак, кытай, кыргыз, монгол тилдеринде эле. Азыр анын баарын жоюп, кытай тилинде гана сабак өтүп калышыптыр. Ата-энемдин жашы 80ге таяп калды. Алар камалган жок. Башка туугандарым бүт камакта. Менден кийинки бир тууган иним бар эле, аны эч жүйөсүз 25 жылга кесишиптир. Булардын эч күнөөсү жок. Тек гана кыргыз, мусулман болгону үчүн азап чегип атышат. Айылыбызда эч ким деле калбаптыр. Куда-сөөктөрдүн баары эле камалыптыр деп уктум. Жашы 70тен ылдый болгондордун баары эле камакта экен. “Тарбия берүүчү лагерь” деп айтылганы менен түрмө эле.

Кыргызстандык бир топ кайрылмандар бийлик тараптан расмий жооп болбой жаткандыктан, жакындарын табуу аракетинде Казакстандагы “Ата-Журттун ыктыярдуу жаштары” уюмуна кайрылышкан. Уюмдун активисти, кайрылмандар менен иш алып барган Серикжан Билаш Үрүмчү аркылуу келген кабарларга таянып “Азаттыкка” Кытайда кармалган кыргыздардын саны 50 миңден ашып кеткенин билдирди.

Буга чейин Казакстан Шинжаңда казак улутундагы жарандарга жасалган мамилеге байланыштуу Кытайга нота жиберген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 58 + = 59

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: