Menu

Алматыда көп кабаттуу үйдүн чатырынан муз түшүп, бир аял каза болду

Бөлүшүү:

Алматыда көп кабаттуу үйдүн чатырынан муз түшүп, бир аял көз жумду. Полиция окуяны кырсык катары сыпаттады. Маалыматтарга караганда, окуя 20-ноябрда чак түштө болгон.

Алматы шаарынын Бостандык акимчилиги кабарлагандай, 1958-жылы туулган аялдын башына тогуз кабаттуу үйдүн чатырынан муз түшүп, тез жардам келгенче кайтыш болгон.

Жергиликтүү бийлик бул сыяктуу кайгылуу окуяларды болтурбоо үчүн үй ээлеринин кооперативдери менен бирге короолордогу карды тазалоо жана чатырдагы муздарды түшүрүү иштери жүрүп жатканын маалымдады. Кырсык болгон жердеги көп кабаттуу үйдүн чатырын тазалоо үчүн атайын техника талап кылынган. Көп кабаттуу турак жай 2013-жылы пайдаланууга берилген жана ага башкаруучу компания кызмат көрсөтүп келген.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 33 = 43

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: