Menu

Бакыт Абдиев кармалып, кайра чыктыбы?

Бөлүшүү:

Мамлекеттик, архитектура жана коммуналдык чарба агенттигинин ана башчысы Бакыт Абдиев тууралуу кеп кетти. Бакыт мырза, бир ай мурун чет өлкөгө иш сапарга барган экен. Ал жакта канча күн жүргөнүн ким билсин, айтор кайра Кыргызстанга келери менен “Манас” аэропортунан укук коргоочулар кармап кетишкен дейт, бул окуянын чоо-жайын билгендер. Бирок ортого саясаттагы оор “салмактуу” адамдар түшүп, ошол эле түнү кайра чыгарып кеткен дешет. Бул окуя “жабылуу аяк жабылуу бойдон калууга” аракет жасалганы менен минтип, “шибегеге капты ката албаган” сыңары эми калкып чыгып жатат. Абдиев бул боюнча эмне дейт болду экен. Негизи, Абдиев аталган агенттиктин ишин жакшы жөндөп кете албай, чабалдык кылып, “чачырап” кетейин деп араң турат.

Кол алдындагы башкармалыктын башчысы Калыков деген кызматкери го облустун прокурорун дүйнөгө узатты. Бул каргашалуу окуя Абдиев башкарып жаткан агенттиктин бетине көө сүйкөп койгондой болду. Тажрыйбасы, жетекчилик таланты жоктор деле кызматка коюп койсо, чоңдорго кошомат кылып, кызматын узартып жүрө беришет экен го.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: