Menu

Башкы машыктыруучу Александр Крестинин: “Бизде психологиялык-эмоционалдык мүнөздөгү проблема бар”

Бөлүшүү:

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин Япония менен болгон беттештин жыйынтыгы боюнча пикирин билдирди:

-Биринчиден, Япония курамасын татыктуу жеңиши менен куттуктайм. Тилекке каршы, биз бүгүн начар оюн көрсөттүк. Оюндун жыйынтыгына тыкыр талдоо жүргүзүп, туура чечим чыгарабыз. Албетте, бүгүнкү алынган тажрыйба Азия кубогуна даярдык үчүн чоң пайдасын тийгизет.

-Экинчи таймда Сиздин команда биринчи таймга караганда кыйла чыйрак көрүндү. Бул боюнча кандай ойдосуз?

-Туура баамдагансыз. Эмнегедир, биз бүгүнкүдөй деңгээлдеги атаандаш менен сапарда ойносок эле, катуу аксап калып жатабыз. Өз үйүбүздө Австралия менен болсун, Сирия менен болсун, таптакыр башкача ойнойбуз. Ал эми сапарга келгенде психологиялык-эмоционалдык жактан проблема жаралат. Бул кемчилигибизди да жойгонго аракеттенебиз, мындан ары андай болбошу керек.

-Сизге япон курамасы кандай таасир калтырды?

-Япония курамасы өздөрүнө мүнөздүү болгон оюнун көрсөттү. Тилекке каршы, биз аларды өз оюнубузга тарта алган жокпуз. Түшүнүктүү, атаандашыбыздын чеберчилиги бизден жогорураак, а бирок, бизге бүгүн чеберчилик эмес, дух жетпей калды. Топ алып жүрүүдөгү, же топсуз дагы бүгүнкүдөй ылдамдык менен, коргонуп эле отурбай, мыкты чабуулдарды уюштурууга деле болмок… Бул жаатта дагы иштейбиз.

-Азия кубогунда Япония менен бир группада ойноп, атаандаш боло турган Өзбекстандын футбол курамасы менен Сиз жакшы таанышсыз. Японияга салыштырып карап, Өзбекстан курамасынын деңгээлине кандай баа бере аласыз?

-Келиңиз, мындай эле баалайлы: Өзбекстан курамасы бир дагы жолу дүйнөлүк чемпионатка катыша элек. Ал эми Япония 1998-жылдан тартып, мундиалга бир да жолу катышпай кала элек. Менимче, бул абдан ачык критерий.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 55 − = 53

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: