Кечээ, 20-ноябрь күнү Бишкек шаардык кеңешинин отурумунда, депутат Коргонбай уулу Жусупбек жол тыгындар тууралуу сөз кылып, аны азайтуунун жолун сунуш кылды.
Шаар ичиндеги тыгындар маанилүү көйгөйлөрдүн бири болуп саналат. Дордойдон келе жаткан дээрлик бардык маршруттук таксилер темир жол көпүрөсүнөн өтүшөт, ал жактан көпчүлүгү тыгынга учурап, көп убакыт сарпташат. Эгерде жер үстүндөгү метро ишке кирсе, анда ал жактагы тыгындар дээрлик жок болот.
Бул тууралуу Ж.Коргонбай уулу: “Убакытты шаардын тыгындары алып жатат. Маселени чечүү үчүн, мен жер үстүндөгү метрону курууну сунуштайм. Бизде Токмоктон тартып, Кара-Балтага чейинки аралыкта темир жолу бар. Бул үчүн бир нече метро поездерин сатып алып, станцияларды куруп, ишке киргизүү керек. Менимче, бул тыгын маселесин чечүүнүн эң оптималдуу жана арзан жолу”, -деп айтты.
БШКнын депутатынын бул сунушу шаардык депутаттар тарабынан колдоо таап, Бишкекти социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программасына кирггизилди.
Булак: KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ