Menu

Ош шаарынын мэри Орусиянын жараныбы?

Бөлүшүү:

Буга чейин Ош шаарынын мэри Таалай Сарыбашевдин диплому жасалма деген маалымат тарап, ал кызуу талкууга алынган. Сарыбашев диплому жасалма эмес экенин айтканы менен, түп нускадагы диплому айылда экенин шылтоолоп, аны коомчулукка көрсөтө алган эмес. Эми мэр Орусиянын жараны экен деген маалымат чыкты. Ал эми шаардык мэриянын басма сөз кызматы мэр Орусиянын жараны деген маалымат калп экендиги боюнча маалымат таратты. Эми бул маалыматты укуругу узун укук коргоо органдары иликтеп чыкмайынча, бир тараптуу бүтүм чыгаруу кыйын. Бирок, элибизде бекеринен: «Жел болбосо, чөптүн башы кыймылдабайт» деп айтылбайт. 47 жаштагы Сарыбашев 2008-жылга чейин базарларда соодагерлик кылган жана жеке фирмада бухгалтер болуп иштеген. Ошентип, жеке капиталын топтогон азыркы мэр 2012-жылы Алайга аким болгон. 2015-жылы жалпы кыргыз элин таң калтырып, Ош облусуна губернатор болуп дайындалган. Быйыл болсо губернаторлукту «тытып» бүткөн соң, Ош шаарына мэр болуп шайланган. Сарыбашев Кыргызстандагы эң көп сындалган, ишке «жараксыз» аткаминерлердин бири экени маалым…

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 83 = 91

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: