Menu

Тамадалар таптакыр байкуш болуп кетишиптир

Бөлүшүү:

Салык кызматы тойду тейлеген жүздөн ашык жаран салык мыйзамдарын бузганын аныктады. Эки айлык текшерүүнүн жыйынтыгында 44 тамада, 36 сүрөтчү, 6 музыкант, 13 видеого тартуучу жана 10 бий тобу уруксат берүүчү документтери, тактап айтканда ыктыярдуу патенти жок иштеп жүрүшкөнү ачыкка чыкты. Салык кызматы Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Аламүдүн районунда өткөрүлгөн эки айлык рейдде тойдо кызмат көрсөткөн 320 ишкерди текшерүүгө алган. Салык кызматы тарабынан 769,2 миң сомго 211 гана патент берилген. Калгандары арзан эле баадагы патент алуудан качып, бир гана жеке өздөрү үчүн иштеп жүрүшкөн. Салык мыйзамын бузгандарга карата акт түзүлдү. Текшерүү дагы уланмакчы. Чынында тамадалар күндө тойдо жүрүшүп, жакшы акча табышат. Анан байкуш боло беришет.

Булак: «Багыт»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 66 = 75

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: