Menu

Искендер Кадыркулов, “Түндүк электрдин” башкы директору: 10 айдын жыйынтыгы боюнча көрсөткүчтөр 100 пайыз болду

Бөлүшүү:

—Искендер мырза, алгач кышка болгон даярдык маселеси жана жалпы эле сиз жетектеген “Түндүк электр” жана анын мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кеп салып берсеңиз?

—Босогобузга кирип келген кышка биз колдон келишинче даярдык көрдүк. Кудай буйруса свет өчүрүүлөр болбойт. Чоң кырсык, авариялардан Кудай сактасын дейли. Биз элде ар дайым электр жарыгы жана жылуулук болуп турсун деген тапшырманы так аткарууга бар аракетибизди көрүп жатабыз. Менин “Түндүк электрди” башкарып жатканыма 6 жылдан ашып калды. Бирок ортодо келип – кеткен учурлар болду. Мен 2012-жылы жаңы жетекчи болуп келгенде абал азыркыдай эмес такыр башка болчу. Көйгөйлөр көп болчу. Биздин энергетикабыз саясатка аралашып кеткен. Ошон үчүн бул тармак оор. Бирок ошого карабастан бир топ жетишкендиктер болду. “Акылдуу эсептегичтерге” жалпысынан 1,5 миллиард сом кеткен. Биз ал акчаны 3,5 жылда жоготуулардын эсебинен кайра кайтарып алдык. 6 жыл мурун “Түндүк электрдеги” жоготуунун көлөмү 23, 5 пайыз болчу. Бүгүнкү күнкү көрсөткүч 12,2 пайызга жетпейт . Башка иш-каналарга салыштырмалуу биздин көрсөткүчтөр жакшы. Бир пайыз жоготуу биз үчүн 50 миллион сомдун тегерегинде айланат. Биздин “Түндүк электр” Кыргызстандан чыккан электр энергиянын 54 (ар бир айда өйдө-төмөн өзгөрүүлөр болуп турат) пайызга чейинкисин Чүй, Талас облустарына, Бишкек шаарынан бөлүштүрүп берет. Бор-бор шаарыбызга ал 54 пайыздын 25 пайызыкетет. “Акылдууэсептегич-тер” боюнча эл арасында ар кандай сөздөр жүрүп жатат. Бул боюнча 2 жылда 1, 5 миңге жакын даттануу болду. Биз анын баарын комисия түзүп алып текшерип, талапка ылайык чара көрдүк. “Акылдуу эсептегичтин” артыкчылыгы көп. Азыр анын баарын айтып олтурбайын. Муну жалпы эл түшүнүп турат. Бирок ошондой болсо да, элдин арасында анча-мынча адамдарга жакпайт экен да. Бизге караштуу 21 миң чакырымга созулган электр чубалгыларыбыз бар. Бизде 550 миңдин тегерегинде абонент бар.

Ал эми 300 миң столба (опора) бар. Баары тең жакшы деп айткандан алысмын. Мына ошол 300 миң столбанын 150 миңи жыгач, эски столбалар. Биз алардан 15 миң столбаны которуп жатабыз. Азырынча мына ушул маселеге мүмкүнчүлүгүбүз жетет. Калганына физикалык жактан жетишпей турабыз. Бирок акырындык менен баарын жаңыртуу иштери талапка ылайык жүрө бермекчи. Биз кышкы мезгилге азыр 100 пайыз даярбыз. Майда -чүйдө, чоң ремонттордун баарын жасадык. Азыр он айдын жыйынтыгын чыгардык. Баардык көрсөткүчтөр боюнча 100 пайыз болду десем жаңылышпайм. Элге рахмат азыр электр энергиянын акысын 100 пайыз төлөп берип жатат. Чынында абоненттерибиздин акы төлөө маданияты көтөрүлдү. Мындан тышкары, 10 айдын ичинде эски 40 миллионго жакын каражат чогулттук. Ал акчаларды жаңы техника сатып алууга, тиешелүү жерлерге талапка ылайык оңдоо, жаңыртууга жумшап жатабыз.

—Жетекчилик тараптан коррупцияга каршы күрөш кандай жүрүп жатат? Себеби, электр энергия тармагында коррупциянын көлөмү чоң экенин жалпы эл жакшы эле билет эмеспи…

—Жетекчилик тараптан кандай чара көрүү талап кылынса, ошонун баары тең талапка ылайык көрүлүп жатат. Биринчиден коррупциянын көлөмүн азайтууга “Акылдуу эсептегичтерди” орнотуу иши чоң салым болуп жатканын баса белгилеп кетким келет. Биздеги 550 миң абоненттин 250 миңине “Акылдуу эсептегичтерди” койдук. Жаңы конуштарга, чоң-чоң обьекттерге ж.б. койдук. Ал эми көп кабаттуу үйлөргө кереги жок. Ал үйдө жашагандар электр энергияны уурдай алышпайт. Акыры алты жылда коррупциялык чоң иштер болгон жок. Бирок баары сонун, таптаза деп айта албайм. Мыйзамсыз иштер менен, азыраак көлөмдөгү пара менен кармалгандар анда-санда болуп жатат. Андай учурлар дароо ЖМКга чыгып жатпайбы.

—Кызматкерлериңер канча айлык альппат. Ошондой эле сиздин айлык-маянаңыз канча?

—Менин негизги айлыгым 32 миң сом. Эми буга кошула турган каражаттарды айтайын. 600 сом илимий даражам үчүн, “көп жылдык эмгек” деп айлыктын 60 пайызы кошулат, андан тышкары, “кипиай” (ар бир айдын көрсөткүчүнө жараша) деген бар, андан да 15 миң сом кошулуп турат. Ошону менен айына 70-75 миң сом алам. Жөнөкөй кызматкерлер кошумчалары менен 22 миңден иштегенине жараша 28 миң сомго чейин алышат. Ал эми күн-түндөп жер казып оор жумушта иштегендер 40 миң сомдун тегерегинде айлык алышат. Ал эми программисттерибиз да 40 миң сомго чейин айлык алышат. Өзүңөр билесиңер, андай адистер башка жерлерде миң доллардан жогору алышат.

—Акыркы учурларда электр энергиянын баасын көтөрүү керек деген маселе өкмөттө, Жогорку Кеңеште көп эле көтөрүлүп жатат. Бул маселеге карапайым эл абдан каршы экенин жакшы билесиз?

— ТЭЦтен өндүрүлгөн 1 киловатт 3 сом болуп кетет. Ошол килловатты элге тыйындан сатып жатат. Биз болсо Улуттук энергетика түйүндөр станциясынан бир киловатты 19 тыйындан сатып алабыз. Ал эми станциядан 60 тыйындан алабыз. Баары биригип 79 тыйын. Жоготуулар кошулганда бул баа дагы өсөт. Жайында бизге 5 тыйын да акча түшпөйт. Күн сууктап, кыш келгенде эл электр энергияны көп колдоно баштайт. Ошол учурда төлөм көбөйөт. Электр энергиянын баасын көтөрүш керек, же көтөрбөш керек деген суроо – бул саясий маселе. Мамлекет бул маселени энергетика компанияларынын өзүнө жүктөп койбой өзү дотация жасашы керек го. Мисалы, керектүү жабдыктарды жаңыртуу ж.б. маселелерге каражат бөлүп, тиешелүү чара көрсө…

Айбек Шамшыкеев

Булак: «Багыт»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 62 − = 59

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: