Жогорку Кеңеште россиялык бизнесмен Леонид Маевскийдин камакка алынуусу боюнча комиссия түзүү сунушталууда. Бул тууралуу бүгүн, 21-ноябрда пленардык отурумда депутат Максат Сабиров билдирди.
Анын айтымында, Леонид Маевскийдин айыптоолору Өмүрбек Текебаевдин камакка алынуусуна негиз болгон, эми болсо Маевский өзү акча талап кылгандыгы үчүн кармалды.
“Биз бул маселени карашыбыз керек. Башкы прокурорду чакырып, комиссия түзүүнү сунуштайм. Өмүрбек Текебаев – көрүнүктүү саясатчы, депутат болгон. Ал Маевскийдин көрсөтмөлөрүнөн кийин камакка алынганда элдин баары бул алдамчылык деп айтышкан, эми болсо акча талап кылгандыгы үчүн Маевский өзү дагы СИЗОго түштү. Биз бул жагдайга көңүл буруубуз керек” – деген Максат Сабиров.
Анын бул сунушун партиялаштары колдоп, комиссия түзүү боюнча маселени өзүнчө кароону чечишти.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ