Menu

“Винегрет” жегиң келеби?

Бөлүшүү:

Эгемендик алгандан бери лексиконубузда пайда болгон Курултай деген сөз бар. “Курултай, курултай” деген сөздөр чыкса эле эл ичи дүңгүрөп, бийликтегилер дирилдеп калат. Анын да себеби бар. Буга чейинки бийлик алмашуулардын баардыгы негизинен ушу “курултай өткөзөбүз” деген менен башталып, митингдер менен коштолуп келгени белгилүү.

Эми мына минтип, бийлик алмашканына бир жыл толуп, толбой кайрадан курултай идеясы жаңырып, 24-ноябрда Кырдрамда кезектеги курултай өткөнү турат.

Бу сапар курултайдын негизги максаты “кеңешип кескен бармак оорубайт”- деген бабалардын сөзүн эске алуу менен, “эмне болду, кайда баратабыз, кантип атабыз” деген суроолорго чогуу-чаран жооп издейли таризинде башталып 36га чукул партиялар менен коомдук уюмдардын катышуусунда өткөнү турат.

“Жалпы жонунан кеңешип, пикир алыша турган аянтча керек – курултай керек”,-деп жыйылып аткандардын баарын эле бир пикирде деп айтуу кыйын. Улуттун Улуу курултайы кылып Башмыйзамга киргизебиз дегендерден тышкары, бүгүнкү бийликтин бир жылдык отчетун угуп, багытына баа беребиз дегендер, саясый туткундарды, сөз эркиндиги, адам укуктары, сот реформасы, ж.б. реформалар тууралуу маселени кабыргасынан коюуну көздөгөндөр, Алмазбек Атамбаевдин ишмердүүлүгүнө саясый баа берүнү каалагандар, экс-президентти жоопко тартууну талап кылуучулар, жана аны колдоп, ага колдоо көрсөтүүнү көздөгөндөр, айтор, санай берсең өзүнчө эле “винегрет”.

Ошого карабастан, мындай кеңири, эркин форматтагы жыйындарды өткөрүү зарылчылыгы боюнча, айрым каршы пикирлерди кошпогондо негизинен коом ичинде анча деле чоң талаш тартыш жок. Баары эле курултайга макул сыяктуу.

Бирок, ошол курултайдын статусуна келгенде уюштуруучулар ичинде ар кандай пикирлер айтылууда. Кай бири жалпы элдик курултай катары таанылышын каалап, баардык бийлик бутактары эсептешишин кааласа, башкалары коомдун бир активдүү бөлүгүнүн жыйыны катары мамилени жетиштүү деп эсептешет. Биздин редакция деле маселе боюнча өз оюн билдирип, бул 36 уюмдун биргелешкен жыйыны, эч кандай бийлик, же кандайдыр бир тарап отчет берүүгө милдеттүү эмес экенин айткыбыз келет. Ар кандай спонсорлордун аты аталганы менен бул курултай уюштуруучу 36 уюм тарабынан каржыланып, ар бир тарап 20 миң сомдон чогултуп өткөрүп жатканын, мандаттар ким көрүнгөнгө эмес, персоналдаштырып бөлүнгөнүн, эриккенден келгендерге орун жок экенин да айта кетпесек болбос.

Курултай уюштуруучулар өлкөбүздүн кайдыгер эмес жарандары тарабынан уюштурулуп жаткандан кийин ал жерде чындап эле элибиздин, мамлекетибиздин өнүгүүсүнө байланыштуу, көйгөйлүү маселелер көтөрүлөөрүндө шек жок. Ошону менен бирге саясый кызыл кулактардын кызыкчылыгы аралашып жатканын да тануу кыйын. Бул курултайга мейман катары аттуу-баштуулар, аксакал, көксакалдар, бүгүнкү, мурунку бийлик башындагылар чакырылып жатат. Атамбаев “өзүм барбайм, делегация жөнөтөм” десе, бүгүнкү бийлик башындагылар келер келбесин ачык айта албай маалкатып, чочугансып тургандай. Бул курултайда, азыркы бийликке ачык каршы чыга турган аракеттер дээрлик жокко эсе. Анан ошону көрүп билип туруп, чочулап келбей койгончо, анча-мынча сын пикирлерди угуу менен элдин арасында болуу бийликке аброй гана алып келмек. Эми ким келет? Кандай болот? Аны бара көрөөрбүз.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 16 − 15 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: