Menu

Сергей Собянин, Москва мэри:”Мигранттар арасында мыйзам бузуулар азайды”

Бөлүшүү:

РФнын борбор калаасы Москванын мэри Сергей Собянин “Россия 1” мамлекеттик телеканалына маек куруп жатып, мигранттардын арасындагы кылмыштуулуктун деңгээли эки эсеге азайганын, ал эми мигранттар, өзгөчө Борбор Азиядан келгендер мыйзамдуулукту сактай башташканын билдирди.

С.Собянин орус өкмөтү бир катар чараларды кабыл алгандан кийин ушул сыяктуу жакшы өзгөрүүлөр болуп жатат деп ырастоодо.

Биринчиден, патент системасын айтса болот. Азыр аны Орусияга кирүү үчүн виза талап кылынбаган чет өлкөлөрдүн: Азербайжан, Молдова, Тажикстан, Өзбекстан жана Украина жарандары сатып алат.

Экинчиден, бул милдеттүү дактилоскопия: учурда патент, же иштөө үчүн уруксат кагаздарын расмий түрдө толтурган мигранттардын баары бармак изин тапшырат. “Биз аларды көрүп турабыз, биз аларды билебиз, мунун баары миграцияга байланыштуу кылмыштардын азайышына алып келди”, – деди С.Собянин.

Москва мэри биринчи кезекте административдик тартип бузуулар тууралуу айтты.

Эксперттер позитивдүү динамикага карабай, мигранттардын көйгөйлөрү азырынча толук чечилип бүтө элек деп эсептешет.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 92 − 89 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: