Menu

Каныбек Осмоналиев, экс-депутат: “Атамбаевдин терс сөздөрү бизди убайымга салып жатат”

Бөлүшүү:

– Каныбек мырза, мурунку президент Алмазбек Атамбаев Сооронбай Жээнбековду “Бакиевдердин жолуна түштү”деп айыптады. Бул дооматка макулсузбу?

– Атамбаев менен Жээнбеков экөө тең элдин жүгүн көтөрөбүз деген инсандар. Атамбаев ушундай курч жана терс мүнөздөгү сөздөрдү айтып калганы бизди убайымга салып жатат. Эл башкарып жүргөн адам мындай дебеши керек эле. Мен анын “Жээнбеков – Бакиевдин жолуна түштү”- дегенине кошулбайм. Азыр элге тынчтык керек. Мурдагы эки достун мамилесинин азыркыдай курчуп кетиши мамлекетке терс таасирин тийгизе баштады. Аксакал катары “токтоңуздар,  элди ойлоңуздар”- деп кайрылат элем!

– Алмазбек Атамбаевдин билдирүүсү кыргыз саясатына таасир эте алабы?

– Жаман пикирдин аягы эч убакта жакшылыкка алып келген эмес. Экөө тең элдин алдындагы зор жоопкерчиликти сезбей жатышат! Бул коркунучтуу синдром! Атамбаевдин кечээги билдирүүсү эки лидердин ортосундагы чатактын кризистик фазага жетип калганын билдирип турат. Мындай конфронтация коомубузду жикке бөлүп жиберет. Ошон үчүн акылга келип, токтонуусу керек! Мамлекеттин тагдыры, элдин тагдыры амбициялардын курмандыгы болбошу абзел!

– Мурунку президенттин узакка созулган маегин укканда аны аядыңызбы, же өз чындыгын айтып жатат деп түшүнүүгө аракет кылдыңызбы?

– Атамбаевдин кескин баасын биринчи укканда анын президент кезиндеги амбициясын эстеп кеттим! Көп нерселерди эмоция менен айтып жана жасап коёт болчу. Анан кырдаалды анын жанындагы шылуундар өз пайдасына колдонуп эле жатып калышчу. Азыр деле ошондой болуп жатат. Демек, аядым жана түшүнүп эле турам! Бирок, президент Жээнбеков менен көзмө-көз жолугуп, ортодогу чыңалууну алып салууга эмне тоскоолдук болгонун түшүнө албай жатам. Элди толкутпагыла дээр элем!

– Экс-президент баарлашуу учурунда айрым нерселерге өкүнүп, катачылыгын мойнуна алгандай болуп, Текебаевди каматып жибергенине өкүнгөнсүдү…

Тилекке каршы, өкүнгөнүн байкай албадым. Текебаевге адилетсиздик болгонун ачык эле айтса, зор эрдик кылган болоор эле!

Чынайым Кутманалиева

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 78 + = 85

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: