Menu

Кыргыз мамлекетин “Киргизия” деп атоо, теңирчиликти дин катары каттоо сунушталууда

Бөлүшүү:

Кыргызстандын атын Киргизия деп өзгөртүү  сугушталууда. Бул тууралуу бүгүн, 24-ноябрга белгиленген курултайдын делегаттарынын 21-ноябрда өткөн маалымат жыйынында “Аалам” партиясыздар  партиясынын лидери Арсланбек Малиев билдирди.

Өз сунушун А.Малиев: “Стан” деген сөз фарсы, же орус тилинен келип чыккан. Ошондой эле, өлкөнүн атына “стан”  мүчөсү уланышы, ошол өлкөнүн  цивилизациядан артта калгандыгын маалымдайт. Ал эми Киргизия деген ат жакшы угулат” – деп түшүндүргөн.

Ал өлкөнүн аты кыргыз тилинде кандай болуп аталаарын азырынча билбейт. Бул маселе же референдумда, же Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан чечилиши керек деп ойлойт.

Алдыда күтүлгөн курултайдын делегаттары ошондой эле азыр өлкөдө бай адамдардын гана депутат болуусуна шарт түзгөн шайлоо системасын  өзгөртүү,  депутаттардын санын 120дан 70ке чейин кыскартуу,  соттордун шайлануусун ишке киргизүү сыяктуу бир топ саясий -укуктук сунуштарды айтышты.

Ал эми Мелис Арып Бек Кыргызстанда “Теңирчилик” динин каттатуу жөнүндө маселени көтөрүп, ага жетишебиз деп убада бергендей сүйлөдү.

Булак:KyrgyzToday

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 80 − 71 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: