Menu

Теңиз Төлөмүшов, Кемин райондук Аксакалдар кеңешинин төрагасы: “Атамбаевдин президент Жээнбековго асылганы акмакчылык болуп калды”

Бөлүшүү:

“Кечээ, экс-президент Алмазбек Атамбаев өзүнүн жеке менчик “Апрель” телеканалына интервью бериптир, көрдүк, бирок эмнеге өлкөнүн көпчүлүгүн түзгөн карапайым адамдардын тилинде эмес, Россия империясынан бери калган кулмүнөздүк менен орусча берди. Кыргызчаны унутуп коюптурбу? Көпчүлүк эл түшүнбөй калып, эми Атамбаевди тилдеп жатышат. Өзү айлык төлөгөн эки журналистти олтургузуп коюптур, жок дегенде бирөөсүн кыргыз журналист кылып койсо болбойбу? Бул өзүн сыйлабагандык, өз элин сыйлабагандык”, – деп билдирди бүгүн, 21-ноябрда Кyrgyztoday.кg маалымат агенттигине телефон чалган Кемин райондук Аксакалдар кеңешинин төрагасы Теңиз Төлөмүшов.

“Биринчиден, Илмиянов, Сатыбалдиев, Исаков, Кулматовдор күнөөсүз камалды дейт, бирок, эл көрүп-билип турбайбы ким ууру экенин, эгер алар уурдабаса, анда ким уурдады, өзүбү? Экинчиден, Иса Өмүркуловду жаш баладай “Мурмуркулов” деп шылдыңдады. Эми мындайды жаш бала деле айтпайт да. Ошол Иса СДПКда 25 жылдан бери жүрөт, Алмаздан кем эмес эмгеги бар. Анан аны партиядан чыгарып жибергидей СДПК эмне Атамбаевдин жеке менчигиби? Кыргызстанда партияларга жеке менчик киргизилбеген. Жогорку Кеңештеги СДПК фракциясы Иса Өмүркуловду лидерликтен кетирбей туура иш кылды. Үчүнчүдөн, Сооронбай Жээнбековдун президентке шайланышын акчага байлап, добуштарды сатып алган деп айыптайт. Мына, биз Кеминдин аксакалдары СДПКдан бир тыйын албай эле Сооронбай Жээнбековго добуш бергенбиз. Балким бизге да акча берилди деп СДПКнын штабындагы айрым шылуундар акча жасашкандыр, ошол эле Атамбаевдин оң колу Шоопур жана башкалары шайлоодо көп акча жасашты деп сөз кеткен. Атамбаев эмне үчүн өзү аралашып жүрүп, анан кызматтан кеткенине 1 жылдай болуп калганда эми кыйкырып чыгат, буга чейин эмне унчукпай олтурду. Бул эми акмакчылык да. Аны башкартпай койсо эле жаман болуп калабы. “Жээнбеков менин жолума түшпөй, Бакиевдин жолуна түштү” деп асылат. Жээнбеков Атамбаевдин жолуна түшпөгөнү жакшы болуптур. Анын жолуна түшсө, “Бишкектин ТЭЦин жеди, Датка-Кеминди жеди, Ош-Бишкек жолун жеди, Бажы кызматын жеди” деген сөздөргө калмак. Баса, Атамбаев уялбай Раим Матраимовду Жээнбековго жабыштырып жатат. Матраимовду Бажы кызматына 6 жыл жетекчи кылып ким дайындады эле. Атамбаев дайындаган, Жээнбеков али аны кызматка дайындай элек. Атамбаев өзү 6 жыл жеп, эми кетип жатып Матраимовду Жээнбековго жабыштырам деп аракет кылды. Бул акмакчылык да. Эмне, элдин баарын келесоо деп ойлойбу? Эгер Атамбаевдин акылы болсо тынч олтуруп, жакшы карылык өткөрөр эле…”, – деди аксакал Теңиз Төлөмүшов.

Булак: Кyrgyztoday.кg

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 95 − = 92

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: