Menu

Региондорду өнүктүрүү: Кепилдик фонду 2018-жылы өткөн жылга салыштырмалуу каржылоону эки эсе көбөйттү

Бөлүшүү:

«Кепилдик фонд» ААКы Мамлекет башчысынын Региондорду өнүктүрүү жылы боюнча Жарлыгын ишке ашырууга бардык күч аракетин жумшап жатат. Үстүбүздөгү жылы өткөн жылга салыштырмалуу  каржылоону эки эсеге көбөйттү. Кепилдик  берүү суммасы боюнча дагы, кепилдиктин саны боюнча дагы. Бул туурасында «Кепилдик фонд» ААКнын төрагасы Малик Абакиров маалымдады.

Кепилдик фонду ишкерлердин финансылык билимин жогорулатууга өзгөчө көңүл бөлүп жатат. Эгерде өткөн жылы биз 276 ишкерди окутсак, быйыл 700-800 адамды окуттук. Бул жагдай тиешелүү натыйжаларды берип жатат. Быйыл саны боюнча дагы, суммасы боюнча дагы эки эсе көп кепилдик бергенибиз, ал эми өнөктөш-банктар биздин кепилдик боюнча 2 эсе көп кредит бергени — региондорду өнүктүрүүгө тиешелүү жардам берип жатабыз дегенди туюндурат, — деп белгиледи фонддун төрагасы.

«Айыл Банк» менен кызматташтыкта «Кепилдик фонд» ААК бир катар долбоорлорду ишке ашырды. Мисалы, продукциясын дүйнөнүн 40 өлкөсүнө саткан Таластагы чоң төө буурчак заводу. Ош областында сүттү кайра иштетүүчү жана курут жасоочу завод курулган. Кочкор районунда өз продукциясын чет өлкөлөргө экспорттоону пландап жаткан сыр өндүрүүчү завод курулду. Учурда ЕАЭБдин алкагында продукция Казакстанга ташылууда.

Аймактарды өнүктүрүүгө жетиштүү көңүл буруш керек деп эсептейбиз. Буга байланыштуу биз кийинки жылы 2017-жылга салыштырмалуу кепилдиктердин көлөмүн эки эсе көбөйтөлү деп жатабыз. Кепилдиктердин суммаларын үстүбүздөгү жылга салыштырмалуу дагы 2 эсе көбөйтөлү деп болжолдодук. Башкача айтканда, берилип жаткан кепилдиктердин саны 900 бирдикти түзөт. Ал эми  биз кепилдик берген сумма 1 миллиард сомду түзөт. Биздин өнөктөш банктарыбыз орточо эсеп менен айыл чарбасына 3-4 млрд сом насыя беришет. Ошентип, биз Президенттин Жарлыгын ишке ашырып, биздин айылдык ишкерлерге жардам берүүнү көздөп жатабыз, — деп белгиледи ал.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: