Үстүбүздөгү жылдын 19-20-ноябрында Нью-Йорк шаарында БУУнун штаб-квартирасында «Чыр-чатактарды болтурбоо жана узак мөөнөткө тынчтыкка жетишүү үчүн өнөктөштүктү бекемдөө» деген темада БУУ Цивилизациялар Альянсынын сегизинчи форуму болуп өттү.
Иш-чаранын катышуучулары чыр-чатактарды болтурбоонун жана узак мөөнөткө тынчтыкка жетишүүнүн, инклюзивдүүлүктү бекемдөөнүн жаңы ыкмаларын издөө жолдорун талкуулашты.
Форумдун ачылышы учурунда БУУнун башкы катчысы А.Гутерриш, Цивилизациялар Альянсы на, диний карама-каршылыктарды жоюуга, жаштар арасында билим берүү иштерин жүргүзүүгө жана адам укугун коргоого карата болгон күч-аракеттерин жумшоого чакырды.
Кыргыз Республикасынын БУУдагы Туруктуу өкүлү М.Молдоисаева, экстремизм зомбулугун болтурбоо жана тынчтыкты сактап калуу, диний чөйрөдө конфессиялар аралык ынтымакты жана диний сабырдуулукту бекемдөө, диний радикализмге жана экстермизмге каршы туруу боюнча мамлекеттик саясаттын негизги багыттары боюнча Кыргызстандын улуттук саясаты жөнүндө форумдун катышуучуларына маалымат берди.
Форумдун катышуучулары, ЮНЕСКОнун патронажы астында маданият аралык диалогдорду эл аралык деңгээлде көтөрүп чыгууда маанилүү салымын кошкон Үчүнчү Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун 2018-жылдын сентябрь айында Кыргыз Республикасында өткөрүлгөнү жөнүндө да маалымат алышты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ