Menu

Алмаз Акматалиев, саясат таануучу: “Бакиев эле Бакиев деп АША бекеринен какшаган жок. Мунун баары түндүк-түштүк картасын ойнотконго даярдык”

Бөлүшүү:

Саясат таануучу Алмаз Акматалиев экс-президент Алмаз Атамбаевдин 19-ноябрдагы өзүнүн жеке менчик “Апрель”телеканалына берген маегин комментарийлеп, аны кыргыз элин түндүк-түштүккө бөлүп, кагылыштыруу аракети катары баалап, уяткарып пост жазган:

“Бакиев эле Бакиев деп, АША бекеринен какшаган жок. Мунун баары түндүк түштүк картасын ойнотконго даярдык деп түшүнгүлө! Бул жагынан менин адашым алдына эч кимди чыгарбайт! Бекеринен азыркы бийлик Бакиевдин жолу менен баратат деп, тиешеси жок болсо да Медеттин өлүмүн бул жакка жабыштырып аткандарынын себеби деле ошол! Элдин кулагын бышырып жатат, Бакиев менен салыштырып! От менен ойнобош керек, Алмаз Шаршенович! Дагы бир жанжалды Кыргызстан көтөрө албайт. Жеке амбицияңызды элдин тагдырынан өйдө койбоңуз, ар бир нерсеге жооп берчү убакыт келет. Өзүңүздү Кудай катары сезбеңиз, азыркы бийлик тескери кетсе, сизден башка деле коомдук күчтөр табылат тизгинин тартканга. Бул маселеде сиз калыс боло албайсыз, себеби сизди кызыктырган жалаң гана жеке амбиция, кекчилдик менен өч алуу! Коомго бүгүн сиз калыс жана ынанымдуу сөз айталбайсыз, себеби сиз моралдык тазалык аркылуу гана келчү коомдук абройду жоготуп койдуңуз, тилекке каршы. Өз элиңизге, өз мамлекетиңизге жардам берүүнүн бир эле жолу бар: саясий активдүүлүктү унутуп, кайрымдуулук фонд ачып, гитараңызды ойноп, лекция окуп, элдин арасында ээн эркин басып жүрүңүз! Бул да болсо сиз тараптан болгон көсөмдүк болот эле! Башка жолуңуз жок!”

Алмаз Акматалиев, саясат таанучу

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: