Menu

 Айтматовдун 90 жылдыгына карата “Жамийланы кайра окуп чыкканда…”

Бөлүшүү:

Мына алтымыш жашты аркалаарыма аз эле калды. Өмүрүмдө көп эле чыгармаларды окудум. А бирок менин жан дүйнөмө жакындары, кайра-кайра окугандан тажабагандары эсептелүү гана. Алардын көч башында Ч. Айтматовтун «ОБОН» — ​«Жамийласы» турат. Алгач ирет окуганымда кадимки улуу талантка таандык чыгарма, Айтматов мына ушундай жазыш керек эле, ар бир окурман кудум мендей ырахат алыш керек дегендей ойдо калгам. Жакында кызымдын китеп текчесинен «Турар» басмасынан кыргыз жана орус тилдеринде 2008-жылы жарыкка чыккан «Жамийла — ​Джамийла» чыгармасына көзүм чалдыгып калды. Кудум бала чакта жоготуп жиберген кымбат буюмун таап алган немедей кудуңдап сүйүнүп «Жамийланы» кайра баштан окуп кирдим…

Чыгармачыл дүйнөгө кызыккан инсандын бала чагы, анын айлана-чөйрөгө, жашоого, адамдарга, жаратылышка, улуу махабатка карата болгон аяр мамилесин Чыңгыз Айтматов «Жамийла» повестинде ийине жеткире баяндаган. Менимче ар бир чыгармачыл инсандын бала чагы, дүйнөгө болгон көз карашы кудум чыгармадагы башкы каарман Сейиттикиндей болсо керек. А балким Сейит Чыңгыз Айтматовдун прототиби… Болбосо али акыл-эси али толук жетилбеген, азыркынын тили менен айтканда 5–6-класстын окуучусу ушундай кыял кемесинде уча алабы?

Өзү насили бул чыгарма адегенде «Обон» деген ат менен жарыкка чыккан. Өзгө элдердин котормосунда «Жамийла» болуп жарык көрө берсин. А бирок бизде «Обон» бойдон эле калганы оң болмок… Чыңгыз улуу талант катарында обон ыргактарын окурманга кара сөз менен жеткирип койгону менен али күнчө Чыңгыз жазган кыргыз-казак элине, алардын түпкү тегине таандык ошол «Обондогу» музыка ыргагы нотага түшө элек. «Обондун» Данияр ырдап жаткан учурун окуганыңда, аны күнү бүгүн жер үстүндө эбак жок болуп кеткен биздин ата-бабаларга таандык музыка ыргактары кулагыңа жаңырып жаткандай туюлат. Мен сөз менен жеткирип айта албайм. Ал эми Чыңгыз:

«Бул адам, жүрөгүнө чоң сүйүү алып жүргөн адам! Анын бул сүйүүсү, менин оюмча, канчалык ысык көрүп, шыгы түшкөн жалгыз бирөөгө гана арналган сүйүү эмес, кандайдыр андан да зор, андан да алп, турмуш-жашоонун өзүнө жан берип, жан жараткан ааламдай жерге, жарык дүйнөгө болгон өлчөөсү жок сүйүү! Көрсө ал ушул сүйүүнү көкүрөгүнө сактап өчүрбөй, ошону менен жашаган адам экен… Даниярдын обону ушул кезде түнкү өзөндүн үстүнөн жайыла каалгып, көзү илинип, мемиреп бара жаткан кең талаанын бешигин алдейлеп терметкендей, алыска жумшак созолонуп, акырындап өчөрүндө жаңыдан безелене үн алып, талыкшып уюган жерди кайра ойготуп, уйкусун ачат»… Ч. Айтматов. «Жамийла».

Эмне деген керемет сөздөр, эмне деген обон ыргактары, кулагыңа бир обон жаңыргансыйт, а бирок аны обонго салып, сыртка чыгара албайсың… Улам окуган сайын улам жаңы обон ыргактары, жаңы күү кулагыңа жаңыргансыйт… Анан ушундай улуу чыгарманы жараткан Чыңгыз өзү Даниярдын ырын нотага түшүрбөгөндөн кийин сага эмне жок деп өзүңдү жооткотосуң… А балким Даниярдын обону кагаз бетине түшпөй Чыңгыздын шурудай тизилген кара сөз берметтерине катылып, ар бир окурман өзү каалаган музасын көкүрөгүндө жаңыртып, ошону Даниярга таандык деп туйганы эле оң чыгар… Анткени ар бир адам өзүнчө дүйнө, өзүнчө аалам, ар бир адамдын өзүнө гана таандык дүйнө таанымы, өз жашоосу, өз обону болот да деп өзүңдү жооткотуп, кайрадан Чыңгыздын керемет сөз — ​сыйкыр дүйнөсүнө сүңгүп кирип кетесиң…

«Оо айланайын кең талаам!.. Мынакей, биздин тоолорду эки жакка керип таштап, чий менен шыбакка ыргалып, көз жетпеген деңиздей көлкүп жатасың. Ким билет сендеги жаткан күчтү». Ч. Айтматов. «Жамийла».

Кыргыз-казак жыттанган обон ыргактарын угуп, кулак кычуусун кандырып, жан дүйнөңдү сергитип алуу үчүн кайра-кайра окуу керек. Бир окуганыңда чыгарманын жүрүшүнө, Жамийла менен Даниярдын сүйүүсүнө маашырланып, Сейиттин ой толгоолорун көз жаздымда калтырасың. Анан кайра окуганыңда гана, улуу сүрөткердин ой чабыттары, Ата-Журтка болгон аздек сүйүүсү, Кыргыз элинин улуулугу, Данияр менен Жамийланын махабаты, элибиздин нан, буудай, боз топурак, Ала-Тоо, Кыргыз, кымыз, боз үй, суу, ак жаан, ала-шалбырт, көктөм, аптаптуу жай, Ата-Журт, май боек, сүрөт жыттанган кайталангыс обон ыргактары кулагыңа жаңыра берет, жаңыра берет…

«Данияр обон салганда алар үчүн менин ичим ушунчалык жылып, жүрөккө толгон кубаныч ушунчалык ташкындайт… Капчыгайдан өтүп, өзөнгө чыкканда Жамийла ар качан арабадан түшүп, жөө басат. Мен дагы анда арабадан түшөм, анткени обонго эрип шашпай жөө баскан эң бир сонун жыргал! Жолдун чаңы да ошондо бутка мамыктай болуп, жылаңайлак жерде эмес, асманда булут менен кетип бара жаткандай эң бир сонун жыргал! Адегенде жеңем экөөбүз өз-өз арабабыздын жанында басабыз. Анан бара-бара улам Даниярга жакындай берип, так жанына барып калганыбызды өзүбүз да байкабай калчубуз. Кандайдыр көзгө көрүнбөгөн күч адамды Даниярга жетелегендей, эрксизден жанына жакыныраак баргың келип, ушул ырдап жаткан түнт мүнөз, Даниярдын чын эле анык өзүбү, эгерде ал болсо, анын ушул кезде жүзү, өңү кандай экенин көргүң келет. Көңүлү толкуп, обонго жаны балкыган Жамийла ар дайым ушинтип жакындай барганда өзү да билбей Даниярга акырын колун созчу». Ч. Айтматов. «Жамийла».

Чыгарманы окуп жатканыңда кулагыңа керемет күү, обондор жаңыра берет. Эсеби-маселен Данияр таар капты көтөрүп, трап менен өйдө чыгып бара жатканда аны жабалактап карап турган көпчүлүк, аны ана жыгылат, мына жыгылат деп эси эки болуп, мурда адам катары эсептебей келекелеп жүргөн Жамийлада ага болгон сүйүү учкундары дүрт этип, дүйнө элинин эсин эки кылган улуу махабат пайда болгонун, Данияр менен бирге дем алып, ага жөлөк болуп, куласа чогуу кулап кете тургансып, артынан ээрчип бара жатышкан улуу-кичүүнүн чогуу дем алып, чогуу дем чыгарып бара жатышы, бутунан аксаган Данияр жыгылса бүт кыргыз кулап кетчүүдөй, ал көздөгөн марасына таар капты аман-эсен жеткирсе бүт кыргыз эли аман калчуудай, кан күйгөн согуш оту жалп этип өчө тургансып туюлат. Кулакка коркунуч, ишенимге толгон обон жаңырат…

«Ашуунун тайгак жолунда бирине бири кармашып келе жаткандай: кап көтөргөндөр үнсүз, тилсиз аракетте. Эгерде бири жаза тайып учуп кетсе, башкалар да анын артынан учуп кетчүүдөй сезилет. Алардын ушул үнсүз кыймылында кандайдыр оор салмак, бир ооздон чыккан дем бар: Даниярга удаа келе жаткан аял буту чалышып, жыгыларына аз, бирок ал кудайдан өзүнө эмес Даниярга кубат сурап, ал үчүн арбактарга сыйынып жаткан өңдүү ага боор ооруп карайт. Мына эми аз эле калды, Данияр дагы чымырканса траптын түз жерине жете бара тургандай… Ч. Айтматов. «Жамийла».

Мен кай жерде болсо да айта берем, өзү насили кыргыз-казак түбү, дили, тили, ата-теги бир эл деп… Эмнегедир Чыңгыз кыргыз-казак бир эл экендигин мына ушул «Обондон» кийин, түбү бир эл болгонун казагым таарынбасын дегенден уламбы айтоор боордош элибиздин өтмүш-тагдырын дагы эки-үч чыгармасына кошуп кеткен…

Кыргыздын алп тоолору, казактын аптаптуу чөлү, боз адырлары, кыргыз-казак байыртадан, бир тууган эл экендиги, эбактан бир бүтүндүгү, бири-бирисиз, бири-биринин жардамысыз элсиз-жерсиз калаары Сейиттин кулак кычуусун алган Даниярдын обон ыргактары аркылуу сүрөттөлөт. Кыргыздын Ала-Тоосу, Ысык-Көлү, казактын кең талаасы, чопкут-зоот кийинип, ат үстүндө найза кармап, кылыч шилтеп, келген жоого каршы аттанган ата-бабалардын элеси тартылат. Шык-дараметиң жетсе алп жазуучунун сөз ыргактарын кыл калем менен чиймелеп тартып жибергиң келет. А бирок ага жетээрлик шык-дарамет кайда? Кайрадан кулагыңа обон жаңырып, китепке үңүлөсүң…

«Оо айланайын кең талаам! Казак боордошум жердеген алп талаам! Мынакей биздин тоолорду эки жакка керип таштап, чий менен шыбакка ыргалып, көз жетпеген деңиздей көлкүп жатасың. Ким билет сендеги жаткан күчтү! Бирок кечээги эле эстен кеткис жайда согуш башталып, душмандар өлкөбүзгө кол салганда, туш-туштан талаада оттор жалындап, туш-тушка чабармандар ат коюп, жоокерлер минсин деп айдаган канаттуу күлүктөр ысык чаң тумандатып, дүбүртүнөн асман чайпалды. Ошондо аркы өйүздө токтой калган чабарман казак ат оозун жыя:

— Аттан, кыргыз, аттан! Жау келди!-деп чуу коюп, саратан куюнга аралаш дагы да алда кайда чапкылаган.

Ошондо кең талаам, өзөнүм, тоолорум силкинип, өз элин атка мингизди… Алардын алды жагында кызыл туулар желбиреп, арт жагында туяктан чыккан чаң менен ый аралаша энелер, жубайлар боздошот: «Кең талаа, колдо! Касиеттүү тууган жер колдо! Манас колдо!… О айланайын кең талаам, тоолорум, элиме ушул күч-кубатты берген касиетиңден силердин!» Ч. Айтматов. «Жамийла».

Улуу сүрөткер кыргыз менен казактын үрп-адат, каада-салты, Ала-Тоосу, кең талаасы, түбү теги бир эл экендигин өзгөлөргө окшоп толгон токой тарыхий далилдерди келтирбей туруп эле окурманга жеткирип койгон. Өзгө элдер «Жамийла» аркылуу эле кыргыз-казак бир тууган, жоого бирге аттанган, жакшылык-жамандыкты бир көргөн, бир бүтүн эл экендигин таанып, билип алат.

Ар бир сүрөткер өзүнүн мыкты чыгармасын жазарда кандай абалга кабыларын, жан дүйнөсүндөгү элеп-желеп сезимин Сейиттин алгачкы сүрөтүн, Данияр менен Жамийланы тартып жаткандагы абалы аркылуу чагылдырып берет.

«Атам мени биринчи жолу ат үстүнө мингизгендегини туурап:

— Быссмылда!-дедим да каламды кагазга тийгиздим. Адегенде Даниярдын штрихтерин белгилей баштадым. Анда бул көп мыкты эмес, жаңы үйрөнгүч штрихтер эле. Бирок ошондо мен тарткан Даниярдын түс-келбети өзүнө окшой баштаганда, көңүлүм алып учуп эле, кайда экенимди, эмне кылып жатканымды унутуп салдым. Ошол мен көргөн август күнү, кубулуп жайнаган кең талаа кагаз бетине көчүп келгенсип, Даниярдын ошондой шаңшып обон салганы кулагыма угулуп жатты. Көз алдымда солдат көйнөгүнүн жакасын кере жагжайган Данияр менен ага бой салып, ыктап отурган Жамийла. Бул сүрөт менин алгачкы жолу өз алдымча тарткан сүрөтүм: мына арабанын кыры, мына жанаша отурган Данияр менен Жамийла, тизгиндер алдыда бош ташталып, аттардын жондору караңгыда термелет. Андан ары түнкү талаа, алыскы жылдыздар»… Ч. Айтматов. «Жамиийла».

Эмне деген сөз кудурети, эмне деген жөнөкөйлүк, эмне деген улуулук? Мындай улуу сөз уйкаштыктары, мындай ой бүтүмү, кайталангыс талант ээси, бир гана кыргыздын алп жазуучу-сүрөткери Чыңгыз Айтматовго таандык. Ырас буга дейре да, мындан кийин да «Жамийла» жөнүндө көп айтылып, көп жазылат. Ушундай улуу сүрөткердин замандашы, улутташы болгондугума сыймыктанам. Чыңгыз жер жүзүндөгү адамзатка таандык болгон дүйнө шедеврине айланган кайталангыс чыгармаларды жаратып салган. Чыңгыздын чыгармалары эми эч кимге, эч нерсеге муктаж эмес. Биз анын чыгармаларына муктажбыз.

Бизге, телевидениеге жыл сайын ондогон студенттер практикага келишет. Анан ошолорго суроо узатам: Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын окугансыңарбы?-деп. Алар уялганынан окуганбыз дешет. Сурап көрсөм чыгармалары боюнча көргөн кинолорундагы окуяларды айтуу менен гана чектелишет. Ичимден кейип калам. Каап, өзү кыргыз, болочокто таалим бере турган мугалим боло туруп, анан кантип Чыңгызды окушпайт деп… Чыңгызды окубай, Чыңгызды таанып-билбей туруп, анан бул студенттер эртеңки күнү кантип өз кесибинин мыкты адиси, мыкты педагог боло алышат? Биздин келечегибиз, ата-бабаларыбыз канын-жанын берип түптөгөн Кыргыз мамлекетинин болочоктогу жогорку билимдүү педагог, саясатчы, депутаты, кыскасы эртеңки биздин өлкөбүздүн ээлери силер эмессиңерби? Силер кыргыз маданиятын, МАНАСТЫ, Чынгызды, дегеле кыргыз адабиятынын туу чокусунда турган жазуучуларыбыздын чыгармаларын окубасаңар, анда эртең силерден таалим алып, силер аркылуу дүйнөнү таанып биле турган урпактардын келечеги кандай болот? А балким мына ушундай көркөм дүйнөгө кайдыгер, кыргыз маданияты, кыргыз адабияты, Чыңгыз менен ыпым иши жок муундун пайда болушуна кечээги ата-эне, бүгүн чоң ата-чоң эне болгон биз күнөөлүү болуп жүрбөйлү, ыя?…

Бул макала көзүнө чалдыгып, окуп чыккан жаштарга, дегеле замандаштарга айтаарым: Бүгүндөн калтырбастан бир дем менен «Жамийланы» окуп чыккыла, бир жолу эмес, кайра-кайра окугула. Качан гана көкүрөгүңөрдө көктөм гүлү гүлдөп, кулагыңарга Даниярдын обону жаңырып, жан дүйнөңөр рахат алганда дагы бир жолу Чыңгызга рахмат айтаарсыңар…

Олжобай Бубатаев

Булак: “Ачык сөз”

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 68 = 70

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: