Menu

Нурсултан Назарбаев: “Казакстан өзөктүк куралды жайылтпоо боюнча сүйлөшүүлөр үчүн аянтча түзүп берүүгө даяр”

Бөлүшүү:

Шаршембиде Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Астанада дипломатиялык корпустун өкүлдөрү менен жолугуп, өлкө өзөктүк куралды жайылтпоо боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн Орусия, АКШ жана Түндүк Корея мамлекеттерине аянтча түзүп берүүгө даяр экенин билдирди.

«…Өзөктүк державалар жоопкерчиликти алып, курал-жаракты жайылтпоо принциптерин, идеяларын жактай тургандыктарын көрсөтүшү керек. Бүгүнкү күндө адамзат келечекте эмне болорун билбей тынчсызданып жатышы мүмкүн. Ошондуктан мен АКШ, Орусия, Кытай жана ЕБ өлкөлөрү бүтүндөй планета үчүн жоопкерчиликти сезип, жогорку деңгээлдеги эксперттердин катышуусунда сүйлөшүүлөрдү башташы керек деп эсептейм», — деди Назарбаев.

Президент Казакстан өзөктүк куралды жайылтпоо тууралуу сүйлөшүүлөр үчүн аянтча түзүп берүүгө даяр экенин белгиледи. «Ишеним диалогун калыбына келтирүү толук масштабдагы өзөктүк каатчылыкка алып келчү тобокелдиктердин күчөшүн токтотот», – деди президент.

Мамлекет башчынын айтымында, «тараптардын орто жана кыска аралыктагы өзөктүк куралдар тууралуу келишимден биротоло баш тартуусу — көзөмөлсүз куралдануу жарышынын башталуу коркунучун жаратат».

Октябрда АКШнын президенти Дональд Трамп Кошмо Штаттар орто жана кыска аралыктагы өзөктүк куралдар тууралуу Орусия менен түзүлгөн келишимден чыгууга ниеттенип жаткандыгын билдирген. Вашингтон буга Орусиянын Европага өзөктүк куралдарды алып жүрүүгө кудуреттүү кичи радиустагы ракеталарды жайгаштыруу менен келишимди бузуп жатышы себеп болгонун билдирген. Өз кезегинде Орусия ТИМи бул айыптоолорду четке кагып, Вашингтонду «аскердик-техникалык мүнөздөгү жооп чаралар» менен коркуткан.

Келишим АКШ менен Орусияга учуу аралыгы 300дөн 400 милге чейин жетүүчү жана жерде жайгаштырыла турган канаттуу ракеталарды жасоого жана сыноого тыюу салган.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 9 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: