Menu

Тажикстанда тополоң чыккан түрмөнүн алты кызматкери камалды

Бөлүшүү:

Хожентте тополоң чыккан №3/3 абактын дагы алты кызматкери, анын ичинде режим бөлүмүнүн башчысы Фарзод Садиров камалды. Бул тууралуу Согди облустук сотундагы өз булактар кабарлашты.

Маалыматка караганда, камалгандарга карата адам өлүмүнө алып келген шалаакылык беренеси менен кылмыш иши козголгон. Эгер алардын күнөөлөрү далилденсе 250дөн 912ге чейинки эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айыппул төлөп же беш жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Өткөн жумада аталган абактын башчысы Файзулло Сафарзод тополоңду басуу фактысы боюнча тергөө аяктаганга чейин камалганы белгилүү болгон. Ага чейин ал тополоң чыкканда өлкөнүн Жазаларды аткаруу кызматына кабар бербестен, камактагыларды өз алдынча тынчытууга аракет кылганы айтылган.

Согди облустук прокуратурасы абактагы тополоң боюнча тергөө иштери менен Башкы прокуратуранын атайын тобу алектенип жатканын билдирди.

8-ноябрга оогон түнү Хожент шаарындагы түрмөдө чыккан тополоңдо бейрасмий маалыматтар боюнча 50гө жакын адам, анын ичинде түрмөнүн эки кызматкери каза болгон. Тополоң үчүн жоопкерчиликти «Ислам мамлекети» экстремисттик тобу алган.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: