Ош облусунун Алай районундагы тоолордо тоо эчки менен аркарлардын саны көбөйгөнү байкалган. Бул тууралуу Өзгөчө коргоого алынган жаратылыш аймактары жана биоартүрдүүлүктү сактоо департаментинин Алай районундагы өкүлү Алимбек Айдаров билдирди.
Анын айтымында, тоолордо орнотулган фотокапкандарга сейрек кездешүүчү бул жаныбарлар түшүп калышкан.
“Бизге “Бор-Дөбө” көзөмөл пунктунун жумушчулары жардам беришти. Ар жыл сайын жапайы жаныбарларга байкоо жүргүзөбүз. Азыр Сары-Таш, Сары-Могол, Жылуу-Суу айылдарындагы жаныбарлага байкоо жүргүзүп жатабыз. Учурда 324 тоо эчки жана 15 чакты аркар-кулжалар бар. Фотокапкандын жардамы менен жаныбарлардын саны былтыркыга караганда көбөйгөнүн байкадык”, – деди А. Айдаров.
Мындан тышкары, ал байкоо иштери 20-декабрга чейин созуларын кошумчалады.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ