Menu

Эли үчүн күйгөн Эрдоган

Бөлүшүү:

Баракелде дебеске арга жок. Турциянын падышасы Рэжеп Тайип Эрдоган дагы бир жолу элдик президент экенин айгинеледи. Мындан ары карай 65 жашка чыккан жаранга айына 300 доллар жөлөк пул берилет. Ошондой эле медициналык кароодон акысыз өтө алышат. Дагы өмүр бою мамлекеттин көзөмөлүндө болушат. Ушундай мыйзамга өлкөнүн ажосу колун коюп, мөөрүн басты. Мамлекеттин экономикасы мурдагыдан ылдыйлап кеткенине карабастан, американын тескери тийген таасирине чыйрыкпастан өз элине күйгөн падышаны канча алкасаң да аздык кылат. Улуттук лидер деген калкына ак кызматын кантип кыларын Эрдоган тастыктап койду. Кыргыздар качан ушундай өлкө башчыга ээ болор экенбиз…

Булак: “Ачык сөз”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: