Menu

Талас эли залкар жазуучуну таасирдүү даңктады

Бөлүшүү:

Үстүбүздөгү жылдын 8-ноябрында залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун 90-жылдык мааракеси кичи мекени Таласта белгиленди. Аталган маараке облус башчысы Марат Мураталиевдин жетекчилиги жана жалпы Талас элинин колдоосу менен жогорку деңгээлде өттү. Ал эми салтанаттуу иш-чаранын уюштуруу иштерине келе турган болсок, бул жагынан облус башчысы Марат Мураталиевге өз баасын бере кетүү ылайык келет.

Албетте, мындай жооптуу мааракенин улуттук Манас Ордо комплексинде өткөрүлүшү жети дубандан жана коңшу өлкөлөрдөн келген конокторду тамшантып турду. Чыңгыз Айтматовдун касиетин караңыз, дал ошол күнү Таласта таң эрте жаан жаап турган эле, саат 10 дор чамасында маараке салтанаттуу түрдө башталганда күн чайыттай ачылып, элдин маанайын жаркытты. Ал эми башка аймактарда жамгыр кечке чейин жааганынан кабардар болдук. Кандай десек да дүйнөгө таанымал жазуучубуздун 90 жылдыгын Теңир колдоп, жогору деңгээлде өтүп, бийликтин жогорку бутактарынан өкүлдөр келип катышып, коноктор ыраазы болуп кайтышты. Анча-мынча асылмай кептерге көңүл бурбай койсок деле болот.

Булак: “Ачык сөз”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: