Menu

Чудинов кандай кеңеш бермек эле?

Бөлүшүү:

“Элге берген куруттан неге мени куруткан”-деген эл ичинде накыл кеп бар. Анын сыңарындай тизмеге ылгабай эле баарын киргизип салыптыр. Маселен, Игорь Чудиновдун кандайча өкмөт башчы болуп калганын ким билбейт? Баары эле билет. Аны кадимки Максим ошондой даражага жеткирип койгон. Анткени кадрлар маселесин ошол жигит чечип калган.

2015-жылкы парламенттик шайлоодо Игорь мырза “Бир Болдун” этегине эрмешип депутат болгон. Анын жол-жобосун кылбаса балээни мандат алат беле? Миңдеген доллары бар үчүн катарга кошулуп калганын көрүп эле турбадыкпы? Тилекке каршы эзелки кыңыр иштери үчүн мандатынан кол жууду. Ошондой “каарманды” кеңешин берет деп ажонун маанилүү жолугушуусуна кошуп койгону көпчүлүктүн ичин жылытпады, тескерисинче кыжаалат кылды. Ансыз деле Чудинов укмуштай идеяларын чачырата алган жок. Андайлардын сабына Зайнидин Курмановду, Айтибай Тагаевди, үч ай өкмөттү жетектеген Азим Исабековду кошууга болот. Эгерде булар жоргодой дүбүрт чыгара алса эбак эле топ жарып чыгышмак.

Булак: “Ачык сөз”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: