Menu

Эки жүздүү парламент

Бөлүшүү:

Кандай болгон күндө да президенттин кубаттуулугу “атом бомбадай” экендиги талашсыз. Маселен, Алмазбек Атамбаев президент болуп турганда парламенттегилер кыпылдап турар эле эмне деп кошомат айтаарын билбей. Мажирөө фракциянын лидерлери болсо жагалдануунун “рекордсмендери” болушкан. Ошол эле Бакыт Төрөбаевдин кылыктарын унута элек чыгарсыңар? Эми болсо ал убагын унутуп башка кишинин арыгын чаба баштады. Анткени чымындай жанын чыркыраткысы келбейт да, чынбы?

Азыркы президент деле парламентти баш көтөртө койбостугун аныктады. Шыкмаматовго, Масалиевге, Өмүркуловго, Баатырбековго окшогон дөө-шаалардын желин чыгарып койбосо көөп кетерин билип туруп, эки кончун бир кончко жайгаштырып салганы даана байкалып турат. Антпесе “хаоско” көмүлүп кетерин парламенттин ичиндеги абалды жакшы түшүнгөндөр журт башчыга айтып турары деле жашыруун эместир? Ток этерин айтканда “фас” деген команда берилгенде мен мындамын деп элеңдеген төрагадан кайсыл кудурет чыкмак эле? Акыйкатында парламент мурдагы калыбынан да аша чаап кетип жатканы алаканга салгандай көрүнүп калды. “Чөнтөк парламенттин” эки жүздүүлүгүнө калкыбыз тойуп бүттү. Булар элди жыргатпайт деп так кесе айтып койсок “шок” болуп кетишпестир? Анткени кулактары мындайга алда качан бышып калбады беле? Баса эки күн мурдагы экстер менен болгон жолугушууда да парламенттин кемчиликтери, депутаттардын көп экендиги, жаңыча көз караш керектиги тууралуу президентке айтышты. Тилекке каршы ушундай калыпта кете беришсе парламенттик өлкө болушубуз күмөн.

Булак: “Ачык сөз”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: