Menu

Башкы “банкир” неге камалды?

Бөлүшүү:

Шайлоонун жүрүшүндө башкы күч “банкирге” жүктөлөт. Былтыркы шайлоо учурунда ошондой милдет Икрамжан Илмияновдун мойнуна чоң ишенич менен салынганын акыл-эстүүмүн дегендердин баары билет. Миллиондогон жашылбайларды шайлоочуларга жеткирүү, үгүт иштерине, спортко, оюн-зоокко, жатар-конокко жумшоого жүздөгөн эпчилдер керектелери айтпаса да түшүнүктүү. Анан албетте, кошоматка кой эмес, тай сойгусу келгендер “кошумчасын” салууга умтулат.

Буга окшогон колдоочуларды сөзсүз түрдө тизмеге чиймелешет. Себеби, кимдин кошкону канча көлөмдү түзгөнүн кожоюн билүүсү шарт эмеспи? Ким өрдөк берсе, кайра ага каз байлаш керектигин кыкеңдер эчак эле турмушуна тереңдеп киргизип алышканы жалганбы? Анткени ошонусу аркылуу эртеңки күнүнө көпүрө салып жатпайбы? Айтор, шайлоонун амалдуу оюндарын санасаң салааңдагы манжаларың жетпейт.

Мына ошол иште өтө үлкөн фигура катары эсептелген Икрамжандын камалышы жөнөкөй суроо жаратпайт. Кыйла такшалып калган, эсеп-чоттун энесин тааныткан, ак үйдүн ичиндеги, резиденциядагы интригаларды биротоло өздөштүрүп алган мурдагы шопур, кийинки кездеги “увазир” шайлоонун жыйынтыгына зор таасир салганы жамы-журтка маалым. Ал тургай өкмөттөгү, парламенттеги эл өкүлдөрү колунда тизгини кармалып турганда башы тизесине жеткиче ийилип жүргөнү калп эмес болчу. Бир маселе ортого илине калса бири-бирине рулдун образын жарата салып, ошол гана жүзөгө ашырат деп келгенин кадимки эл өкүлү Рыскелди Момбеков өткөндө ачыктап бергени бекерден эместир? Ошондой жооптуу кезде үлкөн милдетти эртеңкисинен шектенбей жонуна артынып алган кишинин азыр түрмөдө жатканына ар кандай көз караштар токулганы жөн жеринен чыкпагандыр? Икрамжан сыноолорго бышып бүткөн. Демек, айрымдар жарыя кылгандай тез эле териси жукарып, баарын жая салчулардан эмес. Илмияновдун “көзүр” картасы кимдин пайдасына ачылары азырынча белгисиз. Акыл калчап көрсөтмө берерине мурдагы өлкө башчы ишенип турганына баам салууга анчалык кыл мергенчинин көзү керектелбейт. Болгону анын коопсуздугуна кызыкчылык артылышына зарылчылык келип чыкканы калетсиз.

Булак: “Ачык сөз”

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 92 − 91 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: