Жогорку Кеңеш депутаты Камчыбек Жолдошбаев Өкмөттөн карышкырларды атууда калкка жардам берүүсүн суранды. Мындай сунушту ал бүгүн парламент отурумунда билдирди.
Анын айтымында, азыр тоолуу райондордо суук түшүп, карышкырлар тамак издеп айылдарга келе баштаган. Бул көйгөй өзгөчө Ысык-Көл, Нарын жана Суусамыр аймактарында курч турат.
“Мага Нарын облусунан карышкырларды атууну тездетүү керектиги жөнүндө каттар келүүдө. Өкмөт мергенчилерди табууга жардам бериши керек, болбосо, жырткычтар бир эле райондон 200-300 жылкыны жеп коюшу ыктымал” – деди эл өкүлү.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ