Бүгүн, 22- ноябрда Жогорку Кеңештин отурумунда депутат К.Орозова: “Баткен облусунун прокурору киши колдуу болуп көз жумгандыгына байланыштуу, ал кылмышка шектүү деп кармалган Мелис Калыковдун Анарбай Мамажакыповду өлтүрүүсүнө эч кандай себеп-жөн жок болчу. Прокурорду ошол күнү аңчылыкка чогуу барган кесиптештери деле өлтүрүп коюшу мүмкүн да”, – деген пикирин айтты.
Ошондой эле,”Мен дагы Абдрахманов деген жарандын билдирүүсүн айтып коеюн. Абдрахманов кылмышка чейин 5 күн мурда, А.Мамажакыповго жолугуп, аны менен прокуратурадагы коррупция жөнүндө сүйлөшкөн экен. Балким, бул маалымат генпрокурор Өткүрбек Жамшитовго жеткен эместир. Ал эми Баткен облусунун прокурорунун орун басары: “Биздин бөлүмдө паракорчулук жок”,- деп жатат. Эгерде жөнөкөй жарандар ортосунда уруш чыккан болсо, окуяга катышкандардын бардыгы шектүү катары сурак берет эле. Ал эми бул кылмышта окуяга катышкан прокурорлорду негедир бошотуп жиберишти”,-деп кошумчалады К.Орозова.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ